Чай пулга 7000 доллар таштап кеткен аял жаңылганын бир айдан кийин билген

Тартип сакчылары бул жерде кылмыш болбогонун, мындан улам жардам бере албастыгын айтып, алакан жайган.
Sputnik

БИШКЕК, 2-май — Sputnik. Ишсиз жүргөн россиялык аял Швейцарияда шишкебек жегенден кийин жаңылып, чай пулу үчүн 7400 долларга чукул акча таштап кеткен. Бул туурасында РИА Новости жергиликтүү жалпыга маалымат каражаттарына таянып жазды.

20 Minuten жана Blick басылмасынын жазганына караганда, Францияда жашаган 37 жаштагы россиялык аял Швейцарияга иштери менен келип, Дитикон шаарындагы шишкебек жасаган жайга кирип тамактанган. Акчасын төлөп жатып, официантка ыраазылык иретинде чай пулун таштайм деген ниетте жаңылып, кредиттик картасынын пин-кодун терип алган. Ошентип 24 франкка тамак жеген аял капыстан 7700 миң франк төлөп чыгып кеткен.

Америкалык киши 4 млн. доллар уткан лотерея билетин унутуп калган
Ал миңдеген долларды чай пулу катары таштап кеткендигин Францияга кайтып баргандан дээрлик бир айдан кийин билген. Күйгүлтүккө түшкөн аял банкка, андан соң полицияга кайрылган. Тартип сакчылары бул жерде кылмыш болбогонун, мындан улам жардам бере албастыгын айтып, алакан жайган. Түркияга эс алууга кетип калгандыктан, шишкебек жасаган жайдын ээсин табууга да мүмкүн болгон эмес.

Маалыматта ишкердин бир тууганы акчаны кайтарып берүүгө убада кылгандыгы жазылган.

Акчага байланыштуу адамзаттын жашоосунда ар кыл окуялар кездешет. Буга чейин интернетке акчалай сыйлык утуп алган ишкер бийлеп жаткан жеринен жан берген видео тараган.