Канышай, Кайнар, Калыс, Керээз... Атыңыздын маанисин билесизби?

Балага туура, маңыздуу ат коюу — ата-эненин негизги милдеттеринин бири. Андыктан наристеңизге ысымды жакшы ойлонуп, маанисин түшүнүп ыйгарганыңыз оң.
Sputnik

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кыргызча ысымдар рубрикасы уланат. Бул ирет да сиздерге кыздар-балдардын 20 ысымын сунуштамакчыбыз.

Эркек балдарга берилчү 10 ысым

Жусуп. Бул ысым кыргыздарга араб тилинен өткөн. Кезегинде араб тилине еврей тилинен кабыл алынган. Ал байыркы еврей тилинен которгондо "көбөйсүн, өссүн, артылсын" деген маанини туюндурат.

Гүлжан, Жибек, Дөөлөт, Жаныш... Атыңыздын маанисин билесизби?
Жээналы. Жээнбек, Жээнбай, Жээнай, Жээнгүл, Жээнбүбү, Жээнкул, Жээнтай, Жээнмырза сыяктуу бир антропонимдик негизден тараган ысымдар бала таятасыныкында, жээндериникинде, таекелериникинде, айтор, энесинин бир туугандарыныкында, тай журтунда төрөлгөн учурда берилген.

Зайыр. Лексикалык өзөгү "ачык-айкын, нур чачып жалтырап туруучу, көркөм, сулуу" деген маанини туюндурат. Көпчүлүк учурда эркек балдарга ыйгарылат.

Зарлык. Бул ысым башка түрк элдеринде учурабай, кыргыздардын өзүндө гана кездешкен. Ата-эне зарыгып, жашы кырк-элүүгө барганда уулдуу болсо аларды Зарлык, Зарыл, Зарылбек деп коюшкан.

Каарман. Мындай энчилүү ат кыргыз балдарына 40-жылдары коюла баштаган. Ата-энеси балдарына "замандын алдыңкы адамы, эмгек каарманы (баатыры) болсун" деген тилек менен бул ысымды ыйгарышкан.

Кабыл. Ата-эненин балалуу болгондон кийинки "тилегибиз кабыл болуп, балалуу болдук, ыраазыбыз, балабыз эми биздин турмушубуздун кабыл алуучусу болсун" деген аруу тилеги.

Кадыр. Турмушта жоро-жолдошторунун арасында, үй-бүлөсүндө, коомдо абройлуу-барктуу киши болсун деген максатты көздөп коюлат.

Кайнар. "Кайнар" деген сөз — "булак" деген маанини түшүндүрөт. Мындан улам ата-энеси "өмүрү булак менен тоодой таза, узак болсун" деген үмүт-тилек менен ымыркайына койгон.

Аз жашаган адамдын атын бербейт! Ымыркайга ысым ыйгаруудагы 7 "болбойт"
Кайрат. Лексикалык өзөгү "күч-кубаттуу, бекем, эр жүрөк" деген маанини туюндурат. Эркек бала төрөлсө жакындары "тайманбас эр жигит болсун" деген максат менен баласын Кайрат аташкан.

Калмырза. Наристе төрөлгөндө денесинде калы болсо ата-энеси "уулубуз бактылуулук жышааны менен төрөлдү, перзентибиз элдин керегине жараган, элге кызмат кылган азаматтардан болсун" деп эркек баласына ушул атты беришкен.

Калыс. "Кара кылды как жарган калыс, адилеттүү адам болсун" деген аруу тилек менен эркек балдарга берилген ысым.

Кыз балдарга берилчү 10 ысым

Канышай. "Каныш" деген сөздүн лексикалык өзөгү "ханыша, хандын аялы" деген маанини туюндурса, "ай" байыркы түрк тилинде "сулуу, көркөм, асыл, аппак, нурдуу, акылдуу, кымбаттуу" деген маанини билдирет. Ата-эне терең маанини камтыган атты кыздарына "бактылуу, кадыр-барктуу, ажарлуу" болсун деп ыйгарган.

Ымыркайдын кыркын чыгаруу керекпи, балага кантип ысым тандайт. Жөрөлгөлөр мааниси
Калзат. Кал – элдик түшүнүк боюнча адамдын бетиндеги нуру, наристенин келечек куту, бакыттын белгиси деп эсептелет. Кызынын денесинде чоңураак калы бар болуп төрөлсө анда ага ушул сыяктуу Калзат, Калиман деген ысымдар берилген.

Керээз. Энесинин боюнда калып, атасы өлгөндөн кийин төрөлгөн балага атанын керээзи (атасынын энесине, турмушка калтырып кеткен белеги, туягы, мурасы) деген мотив менен байланышкан ысым. Көпчүлүк учурда кыз балдарга коюлат.

Көксулуу. Көк — бул асман. Кыз бала жарык дүйнөгө келсе жакындары "көктөй сулуу, бийик, нурлуу болсун" деген мааниде ушул ысымды ыйгарышкан.

Көктөм. Көктөм — жаз мезгилинин синоними. Аталган мезгил дайыма сулуулуктун, кооздуктун символу катары эсептелет. Мындан улам ата-эне кызын жаз мезгилине салыштырып "жылуулук чачкан, ажайып сулуу кыз болсун" деген тилекте кыздарын Көктөм аташат.

Кулпун. Кыз балдардын энчилүү аты. Бул ысым "жүзү албырып бетинен нуру өчпөгөн, сынынан, сымбатынан тайбаган, дайыма кубулжуп, көрктөнүп, кулпуруп турган кыз болсун" деген аруу тилек менен коюлат.

Курманжан. Орто Азия элдеринин тарыхында "Алай канышасы" деп аталган Курманжан даткадай" эл-жерине берилип, акылдуу, чечкиндүү аял болсун" деген ниетте кыз балдарга коюлган ысым.

ТОП-5. Аты-жөнү окшош белгилүү кыргызстандыктар
Күнзат. Эркек балдарга да, кыз балдарга да күндөй ысык жана сүйкүмдүү болсун деп коюшат.

Күмүшай. "Күмүш" деген сөздүн лексикалык мааниси баалуу буюм дегенди туюндурат. Ай — бул асмандан, бийиктен тийген, караңгыны жарык кылган, шоола чачкан түбөлүктүү планета. Ата-эненин кызы "айдай сулуу, көрктүү селки жана баалуу-барктуу кыз болсун" деген ой-тилегинен алынган ысым.

Кызжибек. "Жибектей созулган кыз болсун" деген тилек менен кыздарга ыйгарылып келет.