Чын эле окшош экен! Трампка куюп койгондой түспөлдөш аялдын сүрөтү

Испаниялык Лейс аттуу аялга журналисттер саясий себептен эмес, Дональд Трампка окшоштугу үчүн барып, жолугуп келишти.
Sputnik

БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Испаниялык Лейстин сүрөтүн көргөндөр анын АКШ президенти Дональд Трампка окшоштугун айтып, талкуулап жатышат. Бул туурасында Sputnik жазды.

Долорес Лейс Испаниянын Галисия деп аталган аймагында жашайт. Анын сүрөтүн La Voz de Galicia басылмасынын журналисти Паула Васкес Instagram баракчасына жайгаштырган.

Лейске журналисттер саясий себептен эмес, анын президент Трампка окшоштугу үчүн барып, жолугуп келишти

​Элдин бүйүрүн кызыткан сүрөттү жайгаштырган журналист галисиялык аял чачынын түсүнөн улам президент Трампка окшошуп калган деп эсептейт.

Интернет айдыңынан АКШ президенти Дональд Трамптын жылмаюу чакырган учурларын арбын кездештирүүгө болот, анын бири жубайы Меланья Трамптын колун кармай албай жаткан видеосу болду