Сапар Исаков чакырылган УКМК имаратына тез жардам унаасы келди

Буга чейин мурунку өкмөт башчы суракка чакырылганы айтылган.
Sputnik

БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Мурунку премьер-министр Сапар Исаков кирип кеткен УКМКнын имаратына тез жардам унаасы келди. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы жеринен билдирди.

Тез жардам кимге жана эмне үчүн келгени азырынча белгисиз. 

УКМК: Тез жардам унаасы бизге күн сайын келет
"103" кызматы УКМК имараты жайгашкан дарек боюнча чакыруу түшпөгөнүн маалымдады.

Исаков "Бишкек ТЭЦтин модернизациялоо" долбоорунун алкагында козголгон кылмыш иши боюнча күбө катары чакырылып, саат 15.00дө УКМКнын имаратына кирип кеткен болчу. 

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 26-январында ТЭЦте авария болуп, анын кесепети беш күндөн кийин жоюлган. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, анын алкагында тийиштүү мекеме жетекчилери камакка алынган.  

19-апрелде Жогорку Кеңеш өкмөттүн 2017-жылы жасаган ишин канааттандырарлык эмес деп таап, Исаков башында турган министрлер кабинетин отставкага кетирген