Исаков дайындаган Болот Сүйүнбаев Финполду 10 күн жетектеп, кызматтан кетти

Тийиштүү буйрукка өкмөт башчы кол койду.
Sputnik

БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Сапар Исаков тарабынан Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын төрагалыгына дайындалган Болот Сүйүмбаев кызматтан алынды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Өлкө башчысы Башкы прокурор боюнча жарлыкка кол койду
Тийиштүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Өкмөт башчынын башка буйругу менен аталган эле кызматтын төрагасынын орун басары болуп иштеген Исабек Султаналиев да ээлеген кызматынан бошотулду.

Белгилей кетсек, Болот Сүйүмбаев бул кызматка 16-апрелде дайындалган болчу.

Ага чейин УКМКнын Улуттук коопсуздуктун коркунучтарын талдоо жана аныктоо кызматынын директору болуп иштеп турганда өз арызынын негизинде бошотулганы маалымдалган.