21 медаль! Таяк тарткандар Борбор Азия чемпионатынан олжолуу кайтышты

Мелдеш 20-22 апрель күндөрү Ташкент шаарында өткөн. Анда кыргыз спортчулары 10 алтын, 6 күмүш жана 5 коло медалга ээ болушкан.
Sputnik

БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Кыргызстандык таяк тартыш спортунун чеберлери Борбор Азия чемпионатынынан 21 медаль утту. Бул тууралуу мелдеште биринчи орунду ээлеген Азат Таштанбеков билдирди.

1 / 2
Кыргызстандык таяк тартыш спортунун чеберлери Борбор Азия чемпионатынынан 21 медаль утту.
2 / 2
Мелдеш 20-22 апрель күндөрү Ташкент шаарында өткөн. Анда кыргыз спортчулары 10 алтын, 6 күмүш жана 5 коло медалга ээ болушкан.

Мелдеш 20-22 апрель күндөрү Ташкент шаарында өткөн. Анда кыргыз спортчулары 10 алтын, 6 күмүш жана 5 коло медалга ээ болушкан.

Таяк тартыш чебери Азат: Арнольд Шварценеггерди көрүп абдан таң калдым
Чемпионатта биринчи орунга Азат Таштанбеков (90 кг), Нургазы Барманов (60 кг), Аскат Жунушев (80 кг), Кудайназар Алимов (70 кг), Умар Турдиев (105 кг), Атайбек Келдибек уулу (105 кг), ал эми кыздардан Дилдора Рахманова (85 кг), Айзада Таалайбек кызы (55 кг), Кымбат Нуржанова (65 кг) жана Айганыш Кеңешова (75 кг) ээ болгон.

Буга чейин Sputnik маалымат агенттигинин кабарчысы Азат Таштанбеков менен маек курган.