Милиция Сокулукта кишини коюп кеткен айдоочуну издеп жатат. Сүрөт

Кадрда автоунаадан чыккан жаш балдар тепселеп кеткен кишинин жанына келип карап, андан соң кетип калганы көрүнүп турат.
Sputnik

БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Сокулук районунун ички иштер бөлүмү Сокулук айылындагы 47 жаштагы кишини койдуруп кеткен окуяга тиешеси барларды издеп жатат. Бул туурасында Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынан кабарлашты.

Жол кырсыктан жабырланган киши көз жумган

Подозреваемый в автонаезде на мужчину в селе Сокулук Чуйской области

"Болжол менен алганда кишини Бишкек — Чалдовар кан жолунда BMW E39 үлгүсүндөгү автоунаа койдуруп, кырсык болгон жерден изин сууткан. Иликтөө иштеринен кийин камерага айдоочу менен анын жанындагы жүргүнчүнүн жүздөрү түшүп калган", — деп айтышты милициядан.

Ошто Sprinter коюп кеткен дагы бир бөбөк чарчап калды
Кадрда автоунаадан чыккан жаш балдар тепселеп кеткен кишинин жанына келип карап, андан соң кетип калганы көрүнүп турат.

Сокулук районунун милициясы видеодон алынган сүрөттөрдү таратып, таанып-билгендер же окуя тууралуу кошумча маалыматы барларды төмөнкү телефон номерлерине чалууну өтүндү.

0 (701) 02-32-34, 0 (704) 08-80-02, 0 (707) 28-12-12 же Сокулук ИИБдин нөөмөт бөлүмү — или 0 (312) 60-75-67.

Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө айылында 15 жаштагы өспүрүм кыз беш жашар баланы сүзүп, өлтүрүп алган