БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Кыргызстандагы мектептер менен бала бакчаларда тамак берүү боюнча жагдай оорлоп баратканын Жогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенко Sputnik агенттигинде өткөн тегерек столдо билдирди.
Анын айтымында, окуучулар менен тарбиялануучуларга тамак берүү үчүн жетиштүү каражат бөлүнбөгөнү — эң башкы көйгөй.
"Мектепке барган окуучунун түштөнүүсү үчүн республикалык бюджеттен бөлүнгөн 7 сомго тамакты берүүгө болобу? Бул өтө татаал, муну бардыгы түшүнүп турат. Эгер окуучуга булочка менен чай берсек дагы бул каражат жетпейт", — деди Никитенко.
Эл өкүлү кесиптештери менен бирге бала бакча менен мектептерде окуучуларга ысык тамак берүү үчүн республикалык бюджеттен жетиштүү каражат бөлдүртүү үчүн бир нече жылдан аракет кылып жатканын айтты.
Расмий маалыматтар боюнча шаардагы 121 мектептин 49унда ысык тамак жасоо үчүн тийиштүү шарт жок. Жабдыктарды алмаштыруу керек. 2017-жылы 74 мектеп эскертүү алган, 43үнө айып салылса, үч мектеп убактылуу ишин токтоткон.
Ал эми бала бакчаларда берилип жаткан тамакта белок, май, углеводдун курамы төмөн экени аныкталган. Бир балага суткалык норма сакталбайт. Былтыр Бишкектеги 80 бала бакча эскертүү алган. Эреже бузганы үчүн 77 жетекчи менен жоопкер тараптарга айып салынган.