БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абулгазиев ИИМдин борбордук аппаратынын жамаатына жаңы министр Кашкар Жунушалиевди тааныштырды. Бул тууралуу аталган органдын маалымат кызматы кабарлады.
Абулгазиев аталган министрликтин жаңы башчысынын тажрыйбасы мол экенин айтып, райондук бөлүмдүн инспекторунан министрлик кызматка чейин жеткенин кошумчалады. Тааныштыруу салтанатына экс-министр Улан Исраилов да катышты.
Жолугушууда өкмөт башчы уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөштү күчөтүү керек экенин айтып, жол кырсыктарын азайтуу зарылдыгын баса белгиледи.
Эске салсак, Кашкар Жунушалиев ИИМ министри болуп 20-апрелде дайындалган. 2016-жылы ал аталган ведомстовонун министринин милдетин аткаруучу болуп иштеген.
Өкмөт башчы жана анын орун басарлары бүгүн кабинеттерине жайгашышты. Иш бөлмөлөрүн шилтемеден көрүңүз.