Премьер Абулгазиев менен анын орун басарлары кабинеттерине жайгашты. Сүрөт

Жаңы өкмөт башчы президент менен депутаттарга колдоо көрсөткөнү үчүн ыраазычылк билдирди.
Sputnik

БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абулгазиев менен өкмөттүн мүчөлөрү өз милдеттерин аткарууга киришти. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Абулгазиевди премьер-министр кызматына дайындоо боюнча президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгын президенттин аппаратынын биринчи жетекчи орун басары Досалы Эсеналиев окуду.

1 / 5
Премьер-министр Мухаммедкалый Абулгазив менен өкмөттүн мүчөлөрү өз милдеттерин аткарууга киришти.
2 / 5
Абулгазиевди премьер-министр кызматына дайындоо боюнча президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгын президенттин аппаратынын биринчи жетекчи орун басары Досалы Эсеналиев окуду.
3 / 5
Жаңы өкмөт башчы аны колдогон парламент менен президентке ыраазычылыгын билдирип, мамлекеттин өнүгүп-өсүшүнө бардык күчүн жумшай турганын белгиледи.
4 / 5
Сүрөттө көрүнүп тургандай премьер менен вице-премьерлер өз кабинеттерине жайгашышты.
5 / 5
Белгилей кетсек, өкмөттүн жаңы курамы кечээ расмий түрдө бекитилди.

Тааныштыруу иш-чарасына Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков менен фракция лидерлери катышты.

Жаңы өкмөт башчы аны колдогон парламент менен президентке ыраазычылыгын билдирип, мамлекеттин өнүгүп-өсүшүнө бардык күчүн жумшай турганын белгиледи.

Сүрөттө көрүнүп тургандай премьер менен вице-премьерлер өз кабинеттерине жайгашышты.

Белгилей кетсек, өкмөттүн жаңы курамы кечээ расмий түрдө бекитилди.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абулгазиев башында турган өкмөттүн курамын инфографикадан көрүңүздөр