Бишкектин Орозбеков көчөсүнүн бир бөлүгү жабылды

Көчө оңдоо иштеринен улам жабылмай болду.
Sputnik

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Бишкектин Орозбеков көчөсүнүн бир бөлүгү оңдоо иштеринен улам жабыла турганын мэрия билдирди.

Бишкекте эл көп жүргөн эки көчө оңдоо үчүн жабылат
Капиталдык курулуш башкармалыгынын маалыматы боюнча жолдун Можайскийден Саадаев көчөсүнө чейинки бөлүгүнө 20-апрелден тарта асфальт төшөлүп, тротуралар жасалып, арыктар жаңыланат, аны менен бирге бордюрлар орнотулмакчы.

Реконструкциялоо иштери 2018-жылдын август айында бүтөрү айтылды.

Буга чейин да оңдоо иштеринен улам Чүй проспектиси менен Шабдан баатыр көчөлөрүнүн бөлүктөрү да жабыла турганы айтылган.