Биз барганда өсүмдүктөрдүн гүлдөгөнүнө бешинчи күн болуптур.
"Ала-Тоо" эс алуу борборунун өкүлү көз жоосун алган бул гүлдөрдүн кантип Бишкек шаарына келип калгандыгын жана кантип өстүрүшкөнүн айтып берди. Анын айтымында, бул кооздукту жаратууга жарым жылдай убакыт жумшалыптыр.
"Гүлдү өстүрүш абдан кыйын экен. Туура эмес — терең же тайыз жерге отургузуп алсаң да өспөй калат. Бизде гүлдү караган атайын адисибиз бар. Алып келгенден кийин атайын эреже боюнча муздаткычта кармадык. Андан соң челекке отургузуп, кыш бою өстүрдүк. Анан жаз менен кошо эшикке алып чыктык", — деди ал.
Баткендеги айгүлгө окшош, көз жоосун алган бул гүлдөрү кайдан алып келгенин сураганыбызда, мекени чет өлкө болуп чыкты.
Кооздук болгону эки жумага созулуп, андан кийин гүлү күбүлүп каларын билдик.
Бул гүл бул айгүл гүлбү же башка түрүбү деген сурообузга "силер көрүп турган башка түрү. Булар селекционерлер тарабынан айлананы кооздоо, жашылдандыруу үчүн иштелип чыккан экен. Маселен, Сочиде да талааны ээлеп, көп жерге отургузулуптур" деп жооп берди өкүл.
Бишкекте гүлдөп жаткан бул өсүмдүк тууралуу атайын адистен да тактап көрдүк.
Эколог, "Арча" экологиялык фондусунун аткаруучу директору Дмитрий Ветошкинге суроо салдык.
"Сүрөттөгү рябчиктер ар кыл түстө экен, демек селекциялык максаттагы гүлдөр, бакча өсүмдүгү деп айтсак болот. Бул кыязы, Императордук деп аталган түрү окшойт. Акыркы учурда Кыргызстандын рыногуна да алып келине баштап, кеңири тарап жатат. Бул Баткенде өскөн айгүл эмес. Аны өстүрүү абдан татаал. Андыктан, менмендеген кыйын адистер деле айгүлдү каалаган жерине тиге албайт", — деди Ветошкин.
Кошумчалай кетсек, сейрек кездешкен гүл Кызыл китепке киргизилген. Баткен облусунун жүзү болгон гүл Кыргызстанда Түркстан кырка тоолорунда гана өсөт. Айгүл апрель айында гүлдөп баштайт. 25-апрелде Айгүл гүлү майрамдалып, жыл сайын бул маалда туристтердин агымы көп болот.