Сооронбай Жээнбеков Сапар Исаковдун өкмөтүн отставкага кетирди

Бүгүн Жогорку Кеңеш өкмөткө ишеним көрсөтпөө маселесин биринчи караган.
Sputnik

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков өкмөттү таркатуу боюнча Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Бүгүн, 19-апрелде, Жогорку Кеңеш өкмөткө ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алуу боюнча токтом кабыл алып, аны 101 депутат колдоп берген. Ал эми беш депутат каршы чыккан. 

Сапар Исаковдун өкмөтүн кетирүүгө кайсы депутат кандай добуш берди. Тизме
Кабыл алынган чечим президенттин кароосуна жөнөтүлгөн болчу.

Эске салсак, 17-апрелде Жогорку Кеңештеги "Республика — Ата-Журт", "Өнүгүү — Прогресс" жана "Ата Мекен" фракциясы өкмөттүн 2017-жылы жасаган иши боюнча отчетун угуп, аны канааттандырарлык эмес деп баалаган.

Сапар Исаков өкмөт башчылыкка 2017-жылдын 25-августунда дайындалган.