Исаков кыргыз өкмөтүнүн башына 2017-жылдын 25-августунда дайындалып, бул кызматты 8 ай аркалады.
Булардан сырткары сегиз аткаминер, анын ичинен бир аял киши Роза Отунбаева премьер-министрдин милдетин аткарып турган. Буларды кошкондо Кыргызстандын өкмөт башчылык тизгини 29 адамга берилген.
Sputnik Кыргызстан мурдагы премьер-министрлер азыр кайда, эмне иш менен алек кылып жаткандыгын тизмектеп көрдү.
Насирдин Исанов — Кыргызстандын тунгуч премьер-министрлигине 1991-жыл, 21-январында дайындалган. Тунгуч өкмөт башчы кызматка тургандан 10 ай өтпөй жол кырсыктан 49 жашында каза тапкан.
Турсунбек Чыңгышев — Кыргызстандын 2-премьер-министри. 1992-жылы 10-февралда дайындалып туруп, бир жыл он ай иштеген. Учурда эч кандай мамлекеттик кызматты ээлебейт, пенсияда. 76 жашта.
Апас Жумагулов — Кыргызстандын 3-премьер-министрлигине 1993-жылдын 14-декабрында дайындалып, 5 жыл үч ай иштеген. Андан кийин элчилик кызматтарды аркалап, 2007-жылы КРдин Россиядагы элчилиги менен мамлекеттик кызматтагы доору аяктаган. Өзү менен байланышканыбызда Россияда курулуш боюнча долбоорлордун жетекчи-консультанты болуп жүрүп, 2017-жылы Кыргызстанга келип, учурда инвестиция тартуу боюнча иштеп жүргөнүн айтты. 84 жашта.
Кубанычбек Жумалиев — Кыргызстандын 4-премьери, 1998-жылдын 14-мартынан тарта бул кызматта 9 ай отурган. Учурда Жогорку Кеңештин VI чакырылышында "Бир бол" фракциясынан депутат болуп отурат. 62 жашта.
Жумабек Ибраимов Кыргызстандын тарыхында 5-өкмөт башчы болуп 1998-жылдын 25-декабрында дайындалып, төрт айдан кийин өрт-жалын болуп иштеп жатып, мурдатан тооруган дарттан улам 55 жашында көз жумган.
Амангелди Муралиев — Кыргызстандын 6-премьерлигине 1999-жылдын 12-апрелинде дайындалып, бир жыл сегиз ай иштеген. Андан кийин саясатка, мамлекеттик кызматтарга аралашып жүргөн. Учурда Разаков атындагы Кыргыз Техникалык университетинин Камкорчулар кеңешинин төрагасы. Андан сырткары жогорку окуу жайларда лекция окуйт. 71 жашта.
Курманбек Бакиевге Кыргызстанда премьерлик тизгин эки ирет тийип, өлкөнүн 7-жана 9-өкмөт башчысы болгон. Биринчи жолу 2000-жылдын 21-декабрынан тарта 1,5 жыл министрлер кабинетин жетектеген. Ал эми экинчи ирет 2005-жылдын 25-мартынан тарта үч айга чукул иштеген. Президенттик тактысы Бакиевдин тагдырын таптакыр башкача жакка өзгөртүп, элдик толкундоолордон, адамдардын өлүмүнөн кийин Белоруссиядан баш паанек издеп, качып кеткен. Учурда 69 жашта.
8. Николай Танаев 8-премьер кыргыз өкмөтүн 2002-жылдын 22-майынан 2005-жылдын 25-мартына чейин башкарган. Акаевдин бийлиги учурундагы акыркы өкмөт башчы Танаев "Кумтөр" келишими боюнча коррупцияга айыпталып, ага эки ирет издөө жарыяланган. Учурда чет өлкөдө жашайт. 73 жашта.
Феликс Кулов 10-өкмөт башчы болуп, 2005-жылдын 15-августунда дайындалып, бир жыл беш айдан кийин кызматтан кеткен. Кийин ЖКда депутат болгон. Учурда мамлекеттик кызматта иштебейт, бирок өзү түптөгөн "Ар намыс" саясий партиясынын ишин алып барып, эрмек кылат. Быйыл күздө 70ке толот.
10. Кыргызстандын тарыхында өкмөт башын бир ай гана турган премьер-министрлер да болгон. Ал өлкөнүн 11-өкмөт башчысы Азим Исабеков эле. Андан кийин "Бишкек" эркин экономикалык аймагында директорлукту эки жылдай аркалады. Учурда ата-энесинин үлүш жерин иштетип, айыл чарбачылыгы менен алектенип жүргөндүгүн айтты. 58 жашта.
11. Кыргыз мамлекетинин тарыхында эки ирет, 12-жана 14-премьер-министр болгондордун бири — Алмазбек Атамбаев. Алгач 2007-жылдын 29-мартынан 28-ноябрга чейин министрлер кабинетин башкарган. Экинчи жолу 2010-жылдын декабрынан баштап 12 ай премьер болгон. Кийин президенттикке шайланып, мамлекетти алты жыл башкарып, мөөнөтү аяктады. Учурда өзү түптөгөн КСДПнын төрагасы. 62 жашта.
Игорь Чудиновдун тагдырына Кыргызстандын 12-өкмөт башчысы болуу шыбагасы буюрган. Ал 2007-жылдын 24-декабрынан тарта үч жылга чукул иштеген. Андан соң мамлекеттик кызматта иштеп, 2010-жылы бийлик алмашкандан кийин, ага кылмыш иши козголгон. Учурда ЖКнын VI чакырылышына "Бир бол" фракциясынан депутат болуп отурат. 57 жашта.
15-премьер-министр Данияр Усенов 2009-жылдын 21-декабрында кызматка келсе, 2010-жылдагы апрель ыңкылабы аны төрт айдан кийин алып түшкөн. Бизнестен депутаттыкка, андан кийин мамлекеттик кызматтарга келген Усеновго Бакиевдин учурундагы акыркы премьер-министр. 7-апрель окуялары боюнча сыртынан соттолгон. Учурда чет өлкөдө. 58 жашта.
Өмүрбек Бабанов Кыргызстандын 16-өкмөт башчысы 2011-жылдын 1-декабрынан тарта 9 ай иштеди. Андан соң парламенттик шайлоодо "Республика" партиясын жетектеп, ЖКнын VI чакырылышына депутат болуп келди. 2017-жылдагы президенттик шайлоого катышып, 33,8 пайыз добушун алган. Үгүт иштеринде туура эмес сүйлөгөндүгү үчүн кылмыш иши козголуп, депутаттык мандатынан кол жууган. Кыргызстандан чыгып кеткен, учурда чет өлкөдө жүрөт. 48 жашта.
Жантөрө Сатыбалдиев өлкөдөгү 17-премьер министр болуп, бул кызматта 2012-жылдын 5-сентябрынан тарта бир жыл жети ай турду. Өкмөт башчылыктан кийин саясий кызматтан көрүнгөн жок. Учурда Бишкек шаарындагы банктардын биринде эмгектенээрин айтты. 62 жашта.
Жоомарт Оторбаевге Кыргызстандын 18-өкмөт башчысы болуу энчиси туш келет. 2014-жылдын 4-апрелинен тарта эсептегенде бир жыл иштеген соң отставкага кеткен. Учурда эл аралык уюмдар менен кызматташат. 63 жашта.
Темир Сариев өлкөнүн 19-премьер-министрлик кызматына 2015-жылдын 1-майында бекип, бирок болгону 11 ай иштеген. 11-апрелде Балыкчы — Корумду жолунун тендери боюнча чыккан жаңжалдын айынан арызын жазып, отставкага кеткен. 2017-жылдагы президенттик шайлоого катышып, 2,57 пайыз добушка ээ болгон. Учурда мамлекеттик кызматта эмес, жеке иштери, бизнеси менен алек.
Кыргызстандын 20-премьер-министри Сооронбай Жээнбеков болуп, бир жыл төрт ай иштеп, андан соң президенттик шайлоого талапкер болгону үчүн кызматын тапшырды. Учурда Кыргызстандын президенти. 60 жашта.
Сапар Исаков өлкөнүн 21-өкмөт башчылыгына 2017-жылдын 25-августунда дайындалып, 2018-жылдын 19-апрелинде кызматынан четтетилди. 41 жашта.
Мурдагы премьер-министр жана президент Алмазбек Атамбаевдин саясатка кайра кайтары туурасында социалдык медиада кеп жүрүүдө. Мурдагы президенттин өлкөнүн эң жогорку кызматтарынын бирин ээлей тургандыгы канчалык мүмкүн экендигин Sputnik Кыргызстандын редакциясы серепчилерден сурап билди.