Суу сыйлаган зор болоор, суу кордогон кор болоор деп кыргыз элинде сууга аяр мамиле жасалган. Аккан суунун арамы жок деп анын тазалыгын айткан. Аккан сууга түкүрбө деп урпагын сууга туура мамиле жасаганга тарбиялаган. Ошондон улам, оорулардын алдын алуу же оорудан айыктырууда суу менен иштешкен.
Суу айлантып чачуу
Суу менен апаптоо
Бул ыкма катуу корккон, катуу чочуган, жүрөгү түшкөн кишиге жасалып дээрлик баарына жардам берген. Айрым жерлерде эмдеген киши оозуна суу толтуруп корккон баланын эмгегине эринин тийгизип суу үйлөйт. Көбүнчөсү апаптагандан соң муздак суу жуткурушат.
Суу менен учуктоо
Ысык-сууктан, тап өтүп калганда, эмчектин сүтү кайтпаганда, без чочуганда дагы көптөгөн ооруларга ушул ыкманы колдонушкан. Эртең менен эрте күн чыгаарда жана кечкисин күн батаарда идишке муздак суу алып оорулууну күн чыгышты каратып тургузуп бетине, көкүрөк тушуна, ооруган жерине суу бүркүп, кишини бир тегеретип кайра суу бүркүп, аны үч жолу кайталайт.
Кырк күн сууга отуруу
Заман агымына ылайык, оорунун да түрү көп. Ал эми заманбап медицина ооруну түп-тамырынан бери айыктырууга күчү жетпей калышы мүмкүн дешет. Антибиотиктер дартты убактылуу басат. Өсүндүлөр болсо кесип алып салышат. Медицинада кырк күн сууга отуруп, жалаң гана суу ичип, караңгы жерде тилек менен отурган кишинин каны тазаланаары айтылат. Денесиндеги ар бир клетка тазаланат. Ошону менен катар ооруну да сүрүп чыгарат.
Кырк күн суу ичүү эки максатта жасалган. Биринчиси — оорулардын баарынан арылуу үчүн, экинчиси — руханий тазаланып, оюн, ички энергиясын башкарууга жетүү. Ошону менен адамдык деңгээлден ааламдык акылмандык деңгээлге өсүү максатында бул баскычтан өтүшкөн.
Жазылып калган санжыралык маалыматтарда Садыр акенин кырк күн сууга отурганы айтылат.
Тизгин жыяр
Суу маалымат ташуучу каражат экендигин илим далилдеди. Ал эми ата-бабадан калган бул тажрыйбалардын да туура экендигин адистер белгилешет. Демек, суу баарын жууп кетирген, ойду оңдогон, денени тазалаган, кишинин акыл-эсин тундурган ажайып күчкө ээ…