Казакстанда кармалган депутат Дамирбек Асылбек уулу мандатынан ажыратылды

Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында Асылбек уулунун казак жарандыгы бар экенин далилдеген документтер Казакстандан келгени айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Казакстанда кармалган Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу мандатынан ажыратылды. Бул тууралуу Боршайкомдун маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, мындай чечим БШК мүчөлөрүнүн бүгүнкү жыйынында кабыл алынган.

"Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы Дамирбек Асылбек уулунун казак жарандыгы бар экени аныкталгандыктан анын депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду", — деп айтылат маалыматта.

Асылбек уулунун мандаты "Кыргызстан" партиясынын тизмесинде кезекте турган Руслан Чойбековго берилди.

Андан тышкары, "Кыргызстан" фракциясынын январь айында каза болгон депутаты Жыргалбек Калмаматовдун мандаты Насыр Мусаевге берилди. Мусаев БШКнын январь айындагы жыйынына ден соолугуна байланыштуу келе алган эмес.