Тынара Абдразаеванын айылга каты. Кошокчу энемди, ак ташыган атамды эстеп...

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Тынара Абдразаеванын айылга катын окусаңыз, жөнөкөй адамдардын ак пейилине, ичинин кеңдигине жана насилине суктанбай кое албайсыз.
Sputnik

Артист жан-алы калбай көлдүн жээгиндеги Сөгөттү жана Корумдуга жакшы сөзүн, ыраазылыгын айтып, эскерди.

Төмөндө Тынара Абдразаеванын айылга жолдогон катын сунуштайбыз.

Sputnik агенттигинен чалып, айылыңызга кат жазып бере аласызбы деп суранды журналист. Мен дароо макул болдум, себеби айылга, мекендештерине кайрылып айтайын деп жүргөн кебим, ыраазычылыгым бар эле.

Министр Батыралиевдин айылга каты. Уй саап, нан жапкан күндөр жана түйшүктүү балалык
Атам Асанбек түбү Көлдүн тескейиндеги Кара-Коо деген айылдан. Бирок турмуш-шартына байланыштуу Көлдүн күңгөйүндөгү "Кызыл-Бирлик" колхозуна (азыркы Сөгөттү, Корумду) келип, отурукташып калыптыр. Совет убагы экен. Анан ошол жерден үй-бүлөбүз көбөйүп, киндик каныбыз ошол жерге тамды.

Атам менен энем Калипа ушул аймакты жердеп, элди эл деп ак ниети, ак эмгеги менен бул дүйнөдөн жашап өтүштү.

Касиетиңден кагылайын ата-энем!

Касиетиңден кагылайын, ата-энем, кандай гана кеменгер элеңер. Алардын дүйнө салганынан бери арбын убакыт сызса да, жыл өткөн сайын алардын касиети, кеменгерлиги мен үчүн болуп көрбөгөндөй бийиктеп келет.

Атам көкүрөгү терең, куйма кулак, бакылдап сүйлөгөн, улууну урматтап, кичүүнү ызаттай билген жөнөкөй гана уйчу, койчу эле. Куйма кулак дегеним, Сөгөттүдөн чыккан атактуу акын жана комузчу Чалагыз Иманкулов, Корумдудан атактуу комузчу Карамолдо Орозов жана Саякбай ата (Каралаев – ред.) болуп байма-бай жолугуп турчу экен. Кум-Бел жайлоосунда чогулганда куш салынып, комуз чертилип, "Манас" айтылчу экен.

Заслуженная артистка Кыргызской Республики Тынара Абдразаева

Атам, Саякбай ата жана "Манас"

Ошол күндөрдү Саякбай атага "ушул жакта тескейлик иниң бар, Сөгөттүнүн башындагы Ак-Түздө мал багат" дешет. Ата-энем конок десе жанын берген адамдар эле. Ошентип атам улуу манасчы менен жолугат…

Актриса Таалайкан Абазованын айылга каты. Айылдын "жылдыздары", бакчадагы Ак Мөөр
Ортодо энемдин бир сапаттарын кыпчый кетейинчи. Апам көчүп-конуп жүрсө да, оокаттын — жер төшөктүн, идиштин сыйлуусун өзүнчө кастарлап ала жүргөн аял эле. Конок тынчу эмес, күнү келсе күнү, түнү келсе түнү кабагым-кашым дебей, жакшынакай кылып тосуп алчу.

Жайлоодо казан асылып, комуз күүсү жаңырып, албетте, анан "Манас" айтылган учурларды атам кирип-чыгып жүрүп Саякбай ата айткан Манас баба баянын кулагына куюп алчу тура. Үнүнүн тембри да абдан сонун эле. Биз кичине кезде баскан-тургандарын, көргөндөрүн жамактатып, ыңгайы келсе, шатыратып төгө берчү. Ал кезде биз атабыз көзүбүзгө чоң акындай көрүнчү. Токтогул акын, Калыгул олуяны окуй баштаганда, ал кишилер мынчаны кайдан жаттап алган деп таңгалып жүрдүм.

Президентская елка для школьников в Национальной филармонии имени Токтогула Сатылганова

Өнөр башатым — ата-энем

Эсимде. Жайлоодо ак жаан көп болор эле. От жагып, казанга эттен чүйгүндөтө салабыз, апам шырдак шырыйт. Атам малдын терилерин ашатып, анан ийлеп, кайыш кылып даярдап алып, басмайыл жасап, камчы өрөт. Деги койчу, колунан көөрү төгүлгөн киши эле. Анан ошондой учурларда "Манас", "Семетей", "Сейтектеги" эпизоддорду сөз кылып отуруп, "андай эмес, мындай" деп талкуулап кетишчү. Апам кошокчу, жамакчы эле. Айыл-апада бирөө жарым каза болуп калса, "Каке, келип кошок кошуп берчи" деп алып кеткен учурларды эстейм.

Депутат Төрөбай Зулпукаровдун айылга каты. Апам акыры-ыын жашып, а мен апкаарып...
Жайлоо биздин балалыктын бир бөлүгү болду. Жакада жайкысын мал кармай албагандар бизге жеткирип берчү. Кээ бир жылдары сааган уйларыбыз 10го чейин жетчү. Сары май куйчубуз, курут жайчубуз, сүзмө баштыктап илинип турчу эле.

Эсимде, атам жайдын чилдесинде чоң куржундун эки көзүн толтуруп алып, "баланча байбиченин сааны, тигил байбиченин агы жок" деп, жээрде атын минип алып жакага кетчү.

Кагылайын апам ай. Кимди көрбөсүн жалынып-жалбарып, кагылып-тегеренип, ал-жайын сурап, берээрге ашын таппай, агынан жарылып элге кызматын кылып жүрчү.

Атам болсо тоого мал жеткирип же мал издеп келгендердин аттарынын буту же жону жооруп кеткенин көрсө эле жер-жебесине жете урушчу. Анан бая жасаган ат-көлүктөрдүн буюмдарынан берип, жооруган атты "айбан десе, сенин жонуңду жоорутса кандай болот" деп ээр-токумун колуна карматып, жөө калтырчу. Алып калган аттын жооруна ар кайсыны сүйкөп, карап, бапестеп жатып айыктырып коер эле.

Бир кездерде ата-энемдин ак ниети, жан дили менен жасаган мамилеси ооздон-оозго жетип отуруп, азыр мага чексиз жагымдуу маанай тартуулачу болду.

Анткени ушул күндө шаарда көчөдөн көргөн жаштар "Саламатсызбы эже! Мен Корумдудан болом. Сизди көргөн сайын мына биздин эжебиз деп сыймыктанабыз" деп салам айтып калышат.

Кимдин уулу же кызы экендигин сурасам, ата-энесин айтат. "Жок, сен чоң ата, чоң энеңди айтсаң дейм" мен аларга ансайын үңүлүп.

Заслуженная артистка Кыргызской Республики Тынара Абдразаева

Билесиздерби, айылдаштарым. Мындай учурлар үчүн чын жүрөгүмдөн рахматымды айтып, ак дилимден ыраазылыгымды билдирем. Ата-энемди көргөн ошол чоң ата, чоң энелердин көкүрөгүнүн тереңдигине, акылмандуулугуна баш ием.

Бактыбек Мамытов айылга кат жазды. Бай түп алма, чоң эне, ак боз атчан караан
Киндик кан тамган, талпынып учкан уям Сөгөттүм, Корумдум, ар бир түтүн үй, ар бир тоо-таш мен үчүн кымбат. Балалыкта баскан артта калган издер табылгыс, бирок дагы бир нерсе — ал көкүрөктөн эч качан өчпөйт.

Бооруңарга тартып, эл кылып, "биздин айылдан чыккан эжебиз, биздин кызыбыз" дедиртип уул-кыз эмес, неберелериңиздердин көкүрөгүнө жакшылыктын үрөнүн септиңиздер. Сиздерге таазим, айылдаштарым, чоң аталар менен чоң энелер!

Саламым менен кызыңар,

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Тынара Абдразаева.