Космостогу 200 күн. Салижан Шарипов тууралуу 7 факты

Бүгүн 12-апрель – Космонавтика күнү. 1961-жылы ушул күнү советтик космонавт Юрий Гагарин биринчи болуп космоско учкан.
Sputnik

Журналист Кабыл Макешов кыргызстандык алгачкы космонавт, КР Баатыры Салижан Шарипов тууралуу кызыктуу 7 фактыны баяндайт.

1. Балалык кыял. Дүйнөнүн 372, Россиянын 88, Кыргызстандын туңгуч космонавты Салижан Шарипов 0964-жылы 24-августта Өзгөн шаарында жарык дүйнөгө келген. Көпчүлүк балдардай болуп бала чагында эле учкуч болууну кыялданчу. Орто мектепти аяктаган соң Россиянын Оренбург шаарындагы учкучтар окуу жайына тапшырган. Кийин иштеп жатканда космонавттарды даярдоо борборуна атайын комиссиянын текшерүүсүнөн өтүп өтүп, балалык кыялы орундалып космонавт болгон.

Российский космонавт Салижан Шарипов

2. Асмандагы 950 саат. Армиядан кийин Харьковдогу жогорку аскердик учкучтарды даярдоочу окуу жайында билим алып, 1987-жылы Борбор Азия аскердик аймагынын 716-авиациялык полкунда учкуч-инструктор болуп кызмат өтөп, ар түрдүү учактар менен 950 саат учкан. 1990-жылы Юрий Гагарин атындагы советтик космонавттарды даярдоо борборундагы отрядга тандалып, атайын даярдыктан өткөн.

Иш сапарга үч киши менен кеткен өкмөт башчы. Жумабек Ибраимов тууралуу 7 факты
3. Космоско сапар. 1994-жылы Москвадагы Мамлекеттик нефть жана газ академиясынын "Аэрокосмоэкология" факультетин бүткөн. 1997-жылы жайында АКШдан америкалык космос кораблинин бортунда атайын даярдыктан өтүп, 1998-жылы 22-январда "Endeavour" космос кемеси менен алгач ирет космос мейкиндигине учуп, Россиянын орбиталык "Мир" комплексине ийгиликтүү жалгашкан. Салижан космос мейкиндигинде 8 күн 19 саат 46 мүнөт 54 секунд болуп, 31-январда Жерге кайткан.

4. Экинчи ирет космосто болуу бактысы. Ал 2004-жылдын 14-октябрында "Союз-ТМА-5" космостук кораблинин командири жана Эл аралык космостук станциянын 10-экспедициясынын бортинженери болуп, 192 күн, 19 саат 2 мүнөт космосто болгон. Эки ирет 10 мүнөттөн ачык космос мейкиндигинде жүргөн. 2005-жылдын 25-апрелинде Жерге аман-эсен кайтып келген.

Консмонавт Салижан Шарипов

5. Ээлеген кызматтары. 2005-2006-жылдары АКШнын Хьюстон шаарындагы Джонсон атынданы космостук борборунда Юрий Гагарин атындагы космонавттарды даярдоо борборунун атайын өкүлү болгон. Кийин Россиянын космонавттарды даярдоо борборунун командиринин орун басары кызматын аркалаган. Ошондой эле "Союз-ТМ-29" жана "Союз-ТМ-30" кораблдеринин экипажын алмаштыруучу командири да болгон.

Өжөр, сырдуу, өтө эле өзгөчө режиссер Динара Асанова тууралуу 7 факты
6. Шарипов тасмада. Космонавт тууралуу 2012-жылы "Россия сыймыктаган мусулман" аттуу даректүү кино тасма тартылган. Андан кийин "Салижан Шариповдун жылдыздуу сааты" аттуу дагы бир тасма көрүүчүлөргө сунуш кылыган. Космостогу ийгиликтүү сапары үчүн Россия, АКШ, Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын мамлекеттик сыйлыктарына арзыган. 1998-жылы 3-февралда КР Баатыры, 2005-жылы 13-сентябрда РФ Баатыры деген ардак наамдарга татыктуу болгон.

7. Үй-бүлөсү. Салижан Шариповдун жубайы Насиба Мавлянова экономист болсо, кызы Нагира Москвадагы Эл аралык мамилелер университетинде билим алууда. Уулу Жахангир ата жолун жолдоп, Бишкектеги И.Абдраимов атындагы учкучтар окуу жайында окуп жатат. Салижан футболдун күйөрманы. Ош шаарынданы 22-орто мектепке ысымы ыйгарылып, Ош облусундагы көчөлөргө аты коюлган. Ошондой эле Ош шаарынын ардактуу атуулу, Ош мамлекеттик университетиинин ардактуу профессору.