Жолдубаева бүгүн туура 39 жашка чыгып, туулган күнүн белгилейт. Ал өлкөнүн башкы көзөмөл органын башкарууга 36 жашында дайындалган. Бул кызматка келгенге чейин бир күн да прокуратурада иштеген эмес.
Sputnik Кыргызстан агенттиги эгемен тарыхтагы эң жаш баш прокурор туурасында фактыларды сунуштайт.
Туулган жери. Индира Жолдубаева 1979-жылдын 11-апрелинде Бишкек шаарында төрөлгөн. 2002-жылы Кыргыз улуттук университетин аяктаган. 3-класстагы мамлекеттик кеңешчи.
Эмгек жолу. Эмгек жолун 23 жашында баштап, юридикалык тармакта 13 жыл, мамлекеттик кызматта 7 жыл иштеген. Алгач 2002-жылы Сорос-Кыргызстандын "Коомдун аз камсыз болгон катмарына юридикалык жардам берүү коомдук фонду" долбоорунун кеңешчи юристи болуп бир жылдай иштеген. Кийин "Манас" эл аралык аэропортунун кеңешчи юристи болуп эки жыл эмгектенет. Андан соң "Компаньон" финансылык тобу" чакан кредит компаниясынын юристи, "ДЭКА" ЖАКтын аткаруучу директору, юрист болгон.
Кыргызстандын тарыхындагы эң жаш баш прокурор. Индира Жолдубаева баш прокурорлукка 2015-жылы 36 жашка таяп калган маалда дайындалган. Ага чейин бул кызматты 2011-жылдын апрелинен тарта Аида Салянова башкарып келген. Жолдубаева Кыргызстандын 13-баш прокурору болуп калды. Ошондой эле эгемен тарыхка эң жаш жана үчүнчү аял прокурор болуп жазылмай болду. Анын мөөнөтү 2023-жылы аяктамак.
"Прокуратура жөнүндө мыйзамдын" 45-беренесинин 5-пунктуна ылайык, баш прокурорлукка 35 жаштан кем эмес, 65 жаштан ашпаган, юридикалык билими бар, бул тармакта 10 жылдан кем эмес убакыт эмгектенген адамдар дайындала алат.
Саясаттагы туугандык байланыштары. Эгемен тарыхтагы Башкы прокуратуранын алгачкы жетекчиси, Конституциялык соттун мурдагы төрайымы, Жогорку Кеңештин IV чакырылышынын вице-спикери Чолпон Баекова Индира Жолдубаеванын бир тууган таежеси. Ал эми учурдагы ЖК депутаты Аалы Карашев бир тууган жездеси болот. Бул туурасында парламентте баш прокурорлукка талапкерлиги каралып жатканда ошондогу президенттик аппараттын жетекчиси Данияр Нарымбаев айткан.
Кызматтан кетирүүгө аракеттер. Алгач "Ата Мекен" фракциясы баш прокурордун жылдык отчетун угуп канааттандырарлык эмес деп тапкан. Андан соң ушундай эле чечимди "Республика — Ата-Журт" фракциясы кабыл алды. Көп өтпөй президент Сооронбай Жээнбеков конституциялык укугунан пайдаланып Индира Жолдубаеваны кызматтан бошотуу сунуштамасын Жогорку Кеңештин тармактык комитетине жиберди. Сунуштама ал жактан да колдоо тапкан соң парламентте каралып, эл өкүлдөрү аны ээлеген ордунан бошотууга макул болушту. Бул учур Жолдубаеванын туулган күнүнө туш келди.
Окшош сандар. Жолдубаеванын кызматка келишине V чакырылыштын 105 депутаты макул болсо, экөө каршы чыккан. Кызыгы бүгүн кызматтан кетирүүгө да депутаттардын 105и макул, экөө "каршы" деген добушун берди.