БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Узаган жуманын алгачкы күнү Бишкектин маршруттук таксилеринин иш таштосу менен башталды. Апта аягында россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов UFC курун биринчи жолу Россияга алып берди. Ал эми кыргыз шоу-бизнес жылдызы Нурлан Насип сүйүктүүсү Асел Кадырбековага сөйкө салды.
1. Шаардыктар жөө калганда… Артта калган дүйшөмбү бишкектиктер үчүн эсте каларлык окуялардын бири болуп калды. Бул күнү эртең менен үйүнөн чыгып эле адатта козу карындай жайнаган маршруткалардын бирин таппай айла кетти. Көрсө, айдоочулар иш таштаган экен. Алар шаар бийлигине бир нече талаптарды коюп, бир күн кечке жумушка чыкпай коюшту.
2. Ак жоолук салынган Асел. Кыргызстанда жылдызы жанып турган ырчы Нурлан Насип үй-бүлө курууга кадам таштады. Ал жекшембиде ата-энеси менен барып сүйүктүүсү Асел Кадырбековага сөйкө салды. Демек бул үйлөнүү тою да жакынкы күндөрү болот дегенден кабар берет. Ырчылар узак убакыттан бери ынак мамиледе жүрүп, элдин көңүл чордонунда болуп келишкен эле. Нурлан 20-мартта Аселдин туулган күнүндө колун сурап макулдугун алган болчу.
3. Октагон сыртындагы жаңжал. Ирландиялык мушкер Конор Макгрегор UFC турниринин катышуучулары, анын ичинде Хабиб Нурмагомедов кетип бараткан автобуска кол салды. Видеодо Конор автобуска жүк ташыган араба менен темир тосмолорду ыргытып, унаанын аркасынан чуркап, коркутуп кыйкырып жатканын көрүүгө болот. Андан соң Хабиб чыгып "Конор, мушташкың келип жатабы? Мага жолуга турган болсоң билдирүү жаз, мен каалаган жагыңа барам" деп тиш кайраган. Бул окуядан улам Конор камалып, 50 миң доллар айып төлөгөндөн кийин чыгарылды.
4. Көптөн күткөн беттеш. Хабиб Нурмагомедов менен октагондон жолуга турган Тони Фергюсон бутунан жаракат алып беттешке катыша албай калды. Андан тышкары, да үч мушкер менен мушташуусу пландалып, бирок ар кандай себептер менен октагондо кездеше алган эмес. Аягында америкалык Эла Яквинта менен беттешмей болгон. Натыйжада аны жеңип Россиянын тарыхында алгачкы жолу UFC чемпиону болду.
5. Бала чекист… Бул бала келечекте мыкты чекист болчудай. Эмитен эле баш-оту менен киришип, унаалардын катарга тизилишин көзөмөлдөйт экен. Атургай атайын жасап алган кызматтык күбөлүгүн көрсөтүп айдоочуларды сестентет. Улуттун коопсуздугун ишенип тапшыра берели.
6. Жаратылышты неге мынча кордодук… Бишкектин түштүгүндө тоо тарапты көздөй кеткен тараптагы "Кара-Булак" этнокомплексине жакын жер таштандыга көмүлүп калыптыр. Бул видеону Илим Карыпбеков Instagram баракчасына жарыялады.
"Өзүнүн өлкөсүнө саткын мамиле жасаган учур ушундай көрүнөт. Жакшынакай жаратылыш менен тоодой таштанды. Мынчалык булгаш үчүн мекенди канчалык деңгээлде жек көрүш керек болду экен?!" — деп жазган ал. Мынчалык кайдыгерликке барбайлычы!
7. Кафедеги жолугушуу… Саясатчы Топчубек Тургуналиев менен куудул Күмөндөр Абылов кафеден кезигип калса ушундай болмок экен. Бул учурду куудул, пародист Майрамбек Осмонов менен ЖК депутаты Кожобек Рыспаев көрсөтүп берген.
8. Мына сага бий… Тойго баргандан кийин ушинтип бийлеш керек. Экөө тең ачылып-чачылып чер жаза бийлешиптир. Бул агабызды Жан-Клод Ван Дамм көрсө да эс алып эле отуруп калса керек.