Президент Жээнбеков Индира Жолдубаеваны кызматтан алуу сунушун киргизди

7-апрель күнү Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" жана "Республика — Ата-Журт" фракциялары Башкы прокуратуранын 2017-жыл ичиндеги жасаган иши боюнча отчетун канааттандырарлык эмес деп тапкан
Sputnik

БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков башкы прокурор Индира Жолдубаеваны ээлеген кызматынан бошотуу боюнча сунуш киргизди. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу Facebook баракчасына жазды. 

Сапар Исаков Айбек Калиевди кызматтан алууну тапшырды
Эскерте кетсек, 7-апрель күнү Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" жана "Республика — Ата-Журт" фракциялары Башкы прокуратуранын 2017-жыл ичиндеги жасаган иши боюнча отчетун канааттандырарлык эмес деп тапкан.

Индира Жолдубаева башкы прокурор болуп 2015-жылдын январь айында дайындалган.

Буга чейин Жээнбеков өз Жарлыгы менен УКМКнын жетекчиси Абдил Сегизбаевди да кызматтан алган.