Четинен кертилип жаткан "Ата-Түрк" паркы. Гүлбактын азыркы көрүнүшү

Бишкек калаасынын түштүк бөлүгүндө жайгашкан "Ата Түрк" паркы борбор калаадагы сейилдөөчү, ири гүлбактардын бири. Sputnik Кыргызстан аталган жайды азыркы көрүнүшүн асмандан видеого тартты.
Sputnik

Учурда парк "Зеленстрой" ишканасынын балансында турат.

Бишкектин борборундагы ажайып бак. Гүлдөгөн магнолия, кучак жетпеген теректер
Азыр ар тараптан курулуштар кысып келе жаткан бул жашыл жай 1958-жылы Илимдер академиясынын дендропаркы катары пайда болгон. 1963-жылы Кыргыз ССРинин токтомунун негизинде Ала-Арча дарыясынын сол жээгинде студенттердин жардамы менен "Достук" деп аталган эс алуу жана маданият паркына айланган. 1972-жылы аталышы "СССРдин 50 жылдыгы" деп өзгөргөн. Ал эми 22 жыл мурда Түрк лидери Ата түрктүн ысымы берилген.

1995-жылы Кыргыз ССРинин 50 жылдыгы атындагы парк Кемаль Ата түрктүн атын алып, түрк лидеринин эстелиги кире беришке орнотулган. Кийинки жылы афган согушунун жоокерлеринин элесине арналган айкел тургузулган.

Азыр көптөрдүн көзүн кызартып, кээ бир тилекелери менчик колго өтүп кетип, ал тургай аймагына беш кабаттуу үй тургузулган парк бишкектиктердин көзгө сүртө турган тумар жайына айланып барат. Бак-дарактар улам суюлуп бара жаткан Бишкекте таза абанын аралы болушу турган иш.

Асмандан тартылган видеодо парктын эки Малдыбаев жана Токтоналиев көчөсү тарабынан акырын жыла парк аймагына кирип, курулуп жаткан үйлөрдү байкоого болот.

Ачык маалыматтарга үңүлсөк, 1994-жылдан тарта парктын аймагы чекесинен кертиле баштаган. Маркум Жумабек Ибраимов Бишкек шаарынын мэри болуп турганда парктын 5 гектарга чукул жерин Кыргыз архитектуралык курулуш институтунун окуу лабораториялык корпусуна (КАСИ) берүү токтому чыккан. Кийин ошол аймакта эмнегедир мечит пайда болду…

Таштандыдан эмес, бак-дарактан тазаланган Бишкек. Тыныстанов көчөсүнүн көрүнүшү
Бул парк аткаминерлердин, алды кийин бийликте тургандардын көк бөрүсүнө калары маркум Ибраимовдин түшүнө да кирбесе керек.

1997-жылы Бишкек мэриясынын токтому менен дагы 3,654 га жери КАСИге берилген. Ушул эле жылы 3,48 гектар жер SOS-балдар айылын куруу үчүн бөлүнгөн.

2000-жылы парктын башына каран түн түшкөн учур десек жаңылбайбыз. Медетбек Керимкулов мэр болгон учурда токтом менен үй-бүлөлүк эс алуу тибиндеги үйлөрдү куруу үчүн 0,91 гектар жер "Нарын" ишканасына берилген. Бирок эс алуу үйлөрүнүн ордуна элиталык эки кабаттуу үйлөр түштү… ошентип элдин энчисиндеги жер жеке колго өтүп кетти…

Өкмөттүн токтомуна ылайык, парк өзгөчө коргоого алынган тарыхый-маданий жаратылыш аймактардын катарына киргизилген, бирок ал токтом деле абалга аралжы боло албагандай.

Көрктүү Бишкек көп кабаттуу үйлөрдүн шаарына айланганда. Кейиткен видео
parki.kg сайты 2000-жылдан бери аталган паркта 300 жер тилкеси турак жай куруу үчүн берилгендигин жазган. Андан сырткары, 1992-жылы парктын аянты 107 гектар болсо, 2010-жылы 60 гектарга түшкөндүгү тууралуу маалымат жайгаштырылган.

Парктын азыркы аянты тууралуу сурообузга Бишкек башкы архитектурасынан төмөнкүдөй жооп алдык.

"Чектешкен аймактарын так карап, эсептей келгенде аянты 102,79 гектар болуп чыгып, буга чейин айтылып келген 107 гектарга жеткен жок", — деп айтылат аталган ведомство жиберген маалыматта.

Буга чейин көз арткандар көбөйүп бара жаткан Ботаникалык бактын асмандан көрүнүшү жарыяланган