УКМК жетекчисинин орун басарлыгына Идрис Кадыркулов келди

Тиешелүү буйрукка өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков кол койгон
Sputnik

БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik.Идрис Кадыркулов УКМКнын төрагасынын орун басары рангындагы Улуттук коопсуздуктун коркунучтарын талдоо жана аныктоо кызматынын директору болуп дайындалды. Бул туурасында президенттин маалымат кызматы билдирди.

Кыргызстандын президенти кимди ишке дайындап, кимди иштен ала алат
Тиешелүү буйрукка өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков кол койгон.

Буга чейин аталган кызматты Болот Сүйүмбаев жетектеп келген болчу. Ал бүгүн, 7-апрелде, өз ыктыяры менен арыз жазып жумуштан кеткен.

Кадыркулов УКМКнын Ош жана Ош облусу боюнча башкармалыгын жетектеп келгени белгилүү. Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Кашка-Суу айылында 1971-жылы туулган.

Эскерте кетсек, буга чейин президент өз Жарлыгы менен УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаевди, 4-апрелде төраганын орун басары рангындагы 9-бөлүмдүн жетекчиси Дамир Мусакеевди кызматынан бошоткон