Үч жашар кызын ит сымал кордоп, муунткан. Балдар үйүн ачкан аялдын баяны

Гүлнар Кирибаева келгенче Кемин районунун статистикасы үлгүлүү эле, балдар жана кароосуз калган наристелер үйлөрү жок болчу... Sputnik Кыргызстанга Орловка айылындагы балдарды убактылуу багуу борборунун директору бул мекемени кандай кыйынчылык менен ачканын айтып берди.
Sputnik

Бир нече жыл мурда Гүлнар Кирибаева жаш балдар менен иштешкиси да келчү эмес, бул ишмердиктен өзүн оолак көрчү. Курбусунун Ысык-Көлгө мейманга чакырышы анын турмушун өзгөрттү. Бир топ жылдан кийин ал ымыркай уулун жолдошуна каратып, балдарды убактылуу кароо борборун белгиленген убактысынан кечиктирбей ачуу үчүн имаратты оңдоого шашып калды.

Директор Орловского центра временного содержания детей Гульнар Кирибаева

— Балдар үйүн ачууңузга эмне түрткү болду?

— Кеминде мен келгенче балдар үйү болбоптур. Кагаз жүзүндө абдан бакубат район экен. Ташталган балдардын баарын райондон тыш мекемелерге жөнөтүшчү. Көбүнесе, Үч-Коргонго же Жалал-Абадга жиберишкен, ошентип наристелердин жакындары менен болгон байланышы таптакыр үзүлүп калчу.

2000-жылдардын башында таанышым  Ысык-Көлгө конокко чакырып калды. Ал облусундагы балдар үйлөрүнүн бирин жетектечү, мага да иш сунуштады. Агезде иш издөө менен убара элем, макул болдум. Эки жыл иштеп коюпмун, бул мезгил көз ачып-жумганча эле өтүп кетти. Ал жерден көптү үйрөндүм, өзүмдү башка тараптан тааныдым десем да болот.

Кеминге кайтканымда билим райондук берүү бөлүмүнө орноштум. Тарбиячылык тажрыйбадан соң мени кайра эле ошол тармак — балдар менен тыгыз иш алып баруу чөйрөсү тартып туруп алган.

Балдар үйүн ачып калышыма бир улгайган эне түрткү болду. Анын кызы каза болуп, артында калган уул эч кимге керексиз, түрткүнчүк болуп калыптыр. Келини аны жек көрүп, бүт жинин наристеден чыгарчу экен. Карыя ал баланы бага ала турган эмес, өзүнөн да алыс кетирүүгө жүрөгү чыдабайт. Арманын айтып ыйласа, жүрөгүң сыгылат. Ошондо биздин райондо балдар үйүн ачууга тийиш экендигимди аңдадым. Орловкадагы мектептин жанынан жай таптым. Демилгемди жергиликтүү тургундар, айыл өкмөтү колдогон. Имаратты сатып алып, оңдоп-түздөдүм.

— Мунун баарына өз каражатыңызды сарптадыңызбы?

Түнт эле, элден коркуп турчу. Коңшулары сабалган кыз боюнча айтып беришти. Видео
— Ооба, менин демилгемди баары тегиз колдоп кеткен жок. Орловкадагы балдар үйү ачылып жатканда төрөт үйүндө жаткам. Көз жаргандан кийин эле биздин борборду жаап жатышканын уктум. Мен жокто губернатордун орун басары келиптир. Башта алар өкмөт аппаратынын буйругу менен көмөк көрсөтүшмөк, бирок баары өзгөрүп кетти. Имарат толук ремонттон өтө элек болчу, алар эски жайды сүрөткө тартып алышат. Анан мени балдардын аркасы менен пайда көргүсү келип жаткан көз боемочу катары көрсөткөн макала жарыялашат. Уулумдун төрөлгөнүнө төрт күн болгондо аны жолдошума карматып, бул жалган жалааны төгүндөп, имараттын ремонтун тезинен бүтүрүү үчүн күн сайын Орловкага, Бишкекке каттап калдым.

Кесиптешим Уулкан менен Кудайдын куттуу күнү өз таламыбызды талашып, күрөшкө чыккандай эле болуп жүрдүк. Кыйын эле күндөр өттү, үйдө ымыркайым күтөт. Бир айдан кийин өкмөттүн аппаратынан комиссия келип, имаратты ишке киргизүүгө уруксат беришти. Бул биздин жеңишибиз эле.

Алгач абдан кыйын эле болду. Мен бүт Кемин районунун статистикасын буздум. Буга дейре бизде жетим балдар жок деп айтып келишсе, мен келгени баары өзгөрдү.

Адегенде балдар үйү деп ачтым, бирок иш башталганы эң көйгөйлүү наристелер ата-энесинин көзү тирүү балдар экенин байкадым. Ошол себептен, уюмду балдарды убактылуу кароо борбору деп кайра каттаттырдым.

Ушундан кийин томолой жетимдерди эле эмес, жашоосу начар үй-бүлөлөрдүн балдарын да кабыл ала баштадык. Биз алардын бала-бакырасын тарбиялаганча ата-энелери ишке орношуп, турмушун жакшыртып алат, анан уулун же кызын үйүнө алып кетет. Ар үй-бүлөгө ар кандай убакыт талап кылынат, кээсине бир жыл жетет, башкаларына дагы узак убакыт зарыл.

Директор Орловского центра временного содержания детей Гульнар Кирибаева

— Көмөк көрсөтө алган алгачкы үй-бүлө туурасында айтып берсеңиз. Негизи эле сиздин борборго балдар кандайча келишет?

— Абдан көп, кимиси биринчи келгенин азыр айтыш кыйын. Бирок бир учур эсимден кетпейт… Башта мага бир эне кайрылды, ал күйөөсү менен көп иччү экен, жардам сурады. Алардын мөөнөтү үч жыл эле. Бул убакыт аралыгында ата-эне аракты таштап, үйүн жакшыртып, оокатын тыңдап, мал сатып алып,  үч жылдан кийин балдары үйүнө кайтты. Үй-бүлөнүн атасы колунан иш келген сопсонун ширетүүчү экен.

Социалдык коргоо тутуму кынтыксыз эмес. Акыркы мыйзам боюнча жарым жылдан кийин бала кайра үй-бүлөгө берилет. Кимдир бирөө ичкен ата-эне акылын жыйышы үчүн алты ай жетиштүү деп чечкен көрүнөт. Кай бирлерине эки ай эле жетет, бирок негизинен эч качан өзгөрүшпөйт.

Борборго бир кыз келген, ал балдар үйүндө үч жыл жашагандан кийин гана жылмая баштады. Ата-энеси аны ушунчалык опурталдуу абалга кептептир. Арак ичип алып балдарын сабашчу экен… Кудай жалгап биз ал кызды ошол саздан сууруп алдык. Ысымы Бактыгүл, азыр медициналык окуу жайда билим алат, медайым болуп иштеп жанын багат.

Ата-эне баласын эмнеге көгала койдой сабайт? Кордолгон наристе көрсөң кыя өтпө
Балдардын көпчүлүгүн ата-энелер өздөрү алып келишет. Кадимкидей келишим түзөбүз, ага ылайык алар бир катар милдеттенмелерди аткарууга тийиш: белгиленген убакыт ичинде иш табышат, ичкенин тыят, балага шарт түзөт, ал эми борбордо жашап жаткан баланы зарыл нерселер менен биз толук камсыз кылабыз.

Ата-энелерди текшерип турабыз, алар менен биздин адистер иш алпарат. Бала-чакасы үйлөрүнө кайра кайтар-кайтпасын ошол байкоонун жыйынтыгына жараша чечебиз. Бул жакшы ыкма, биздин милдетибиз ата-энелерди коркутуу эмес, аларга көмөк көрсөтүү.

— Мектепти аяктагандан кийин балдар кайда барышат?

— Борбордогу балдарым мектепти бүткөн кез — кыйын учур. Кантип каякка жайгаштырабыз деп баш катырабыз. 9-классынан тарта эле алар келечек кесиптерин аныктоолоруна үгүттөйм. Алардын билим алышын каалайм. Көңүлдөрү каалаган окуу жайга тапшыруусуна жардамдашам. Алар окуган убакта батир ижаралап, башта бир аз акчадан да каралашам.

Эркек балдарым үйлөнгөндө, кыздарым турмушка чыкканда ар бир эне өңдүү эле куда тарап менен таанышам. Үй-бүлөгө куру кол киришпесин деп кыздарга сеп даярдайм. Күйөө балдардын туугандары бул балдардын сурап алары жок деп басынтышпасын дейм. Алардын мендей энеси бар, колумдан келишинче алар үчүн баарын жасоого тырышам.

Директор Орловского центра временного содержания детей Гульнар Кирибаева

— Бүт үй-бүлөңүз менен балдар үйүнө кандайча көчүп келдиңиз?

— Кеминде турабыз, күн сайын ал жактан Орловкага каттайм. Балдарга күнү-түнү көз салуубуз абзел. Жолдошум менен ары ойлонуп, бери ойлонуп, ушундай чечимге келдик. Үй-бүлөбүз менен Орловкага көчтүк.

Үйдү саттык, акчасына бул жакты ремонттодук. Негизи эле балдар үйүндө жашап калганым боюнча суроону көп беришет… Кызык абалда калам. Бул — менин үйүм, жакшы көрүп, кол сунгум келген менин балдарым. Өз уулум бизде тарбияланган бир кызды жактырып калды. Ал башынан көптү өткөргөн, азыр ал — менин келиним.

— Социалдык медиада Жаңы жылда балдар үйүндөгү балдарга белек берүүнүн зарылдыгы жок деген пикир жарыяланды эле. Сиздин оюңузча бул туурабы?

— Мен да ошондой пикирдемин. бир жылда жетим балдарды маңдайынан сылап, таттууңузду кармата турган дагы 363 күн бар.

Кандай болорун билесизби? Топ-топ болуп келген адамдар толтура тамак алып келип, алардын көзүнчө балдарга беришибизди талап кылышат.

Өлүм менен 28 саат алышкан бөбөк. Арсландын эмнеден чарчаганы аныктала элек
Биринчи жылы менин тарбиялануучуларымды ушунчалык тойгузушкан экен, таң атканча дагара көтөрүп чуркап жүрдүк. Эл алып келгендерди үйлөрүнө алып кетишет деп балдар үйүнүн кызматкерлерине ишенбей тургандыктарын да айтышты. Өзүм ушул балдар үйүндө жашасам кайда ташып кетет элем?

Жалпы балдар менен биз баарын кантип сарамжалдоонун жолун ойлоп таап алганбыз. Ар бирине бирден белек тиет, эмне кылса, алардын өз эрки. Калганын биз ар жумада дасторкондо таттуу коюла тургандай кылып бөлүштүрөбүз. 1-июнга чейин жеткиребиз, ал эми жайкы майрамдан кийин кышка чейин чоебуз.

Бир ирет ыктыярчылар менен Аяз Ата болуп ойноп, балдарды каалаган белектерин катка жаздырышат. Балдар акылында болгонун кагазга түшүрөт. Активисттер балдар күткөн белектерди таба албай, ордуна бир нерселерди алып келишет. Анан бир аял наристеге алып келген бут кийимди таңуулап жатат, ал кыз аны алгысы жок. Тигил аял айтканынан кайтпай, кызга орой сүйлөп эле кыйнап жатат.

Тарбиячы балага эч кандай убада бербөө керектигин түшүндүрүүгө аракет кылса, кайра тигил оозго алгыс сөздөр менен урушуп, кызга кысым кылууда деп айыптады. Кароосуз калган бала келген белекти эмнеге кабыл албайт экен дейт!

Директор Орловского центра временного содержания детей Гульнар Кирибаева

— Ушул ишти баштагандан бери эсиңизде так калтырган кандай окуя болду?

— Адамдар ушунчалык мыкаачылыкка барышат. Бизге бир жапайы кыз келди. Маугли. Энеси төрөттөн кийинки депрессияга кабылат, ал аз келгенсип, күйөөсү таштап кетет. Бүт ачуусун ымыркайдан чыгарчу экен. Өз чүрпөсүн ит сымал багыптыр. Абалы оорлошуп, оорусу катуу кармап калбаганда бул окуя тууралуу эч ким деле билбей калмак экен. Ал өз перзентин муунтуп өлтүрүүгө аракет кылат, жаны ооруган наристе катуу кыйкыра баштайт. Дабыштан улам коңшулары каалганы талкалап кирип, кызды сактап калышат. Энесин кийин психикалык ооруканага жөнөтүштү, көрсө, анын мээсинде шишик бар экен. Акылынан айнып баратыптыр.

Чымчыктар ай!... Жакыны сабап, бычактап, кордогон бөбөктөр. Жүрөк титиреткен 7 окуя
Наристени бизге жибермек болушту, буюмдарын алалы деп үйүнө барып көргөн көзүбүзгө ишенбедик. Жерде чүпүрөк төшөлгөн, жанында кир табак, кыз ошондон жечү экен. Кыз төрт жашка чыгып калыптыр, сүйлөй да албайт, болгону добуш чыгарып мыңкылдайт.

Бизге алып келишкенде ал буйруктарды гана түшүнөрүн аныктадык. Кыз "отур", "жат" дегенге гана көңүл бурчу. Үрөйүбүз учту. Байкуш наристе энесинен эле жолу жок десек, бир айдан кийин таенеси табылды, ал Россиядан экен. Баланы алып кетүү үчүн келди, биз документтерди даярдай баштаган элек. Иштин жүрүшүндө ага небересинин кереги жоктугун түшүндүк. Ал кичине баланы акылынан тайган энесинен сактап калганы үчүн ага шарт түзүп, үй берүүнү өтүнүп, президент, аткаминерлерге кат жаза баштады. Кийин эле дайны чыкпай калды, бир-эки айдан кийин ал жапайы кыздын энеси көз жумду.

Балким, дал ушул себептен балдар үйлөрүн ачуу ата-энелердин балдардан баш тартышына алып келет деген пикир менен макул эместирмин. Турмушта башкача эч мүмкүн болбой турган жагдайлар бар. Мындай үйлөр  керек, бирок чакан, эң көп дегенде 50 балага ылайыкташканы дурус. Балдар көп болгондо аларга тийиштүү көңүл буруу мүмкүн эмес, андайда бул үйлөрдүн бүт концепциясы өз маңызын жоготот. Жалгыз сен көп сандагы балага жылуулук тартуулай албайсың.