Жоругуңар жолдо калсын! Маршрутка айдоочуларынын каттамдагы видеосу

Борбор калаадагы маршруттук каттамдардын айдоочулары ар бир мүнөт сайын жол эрежесин бузат десек болчудай. Алар мындан бир нече күн мурда ишке чыкпай, митинг өткөрүп, аларга салынуучу айып пулду арзандатууну, элди каалаган жеринен алып, каалаган жеринен түшүрүүгө жана жолдун экинчи тилкесинен бурулууга уруксат берүүнү талап кылган.
Sputnik

Sputnik Кыргызстан редакциясынын журналисти борбор калаадагы маршруттук каттамдардын айдоочулары жолдо кантип жүрөрүн сыртынан акмалап, байкоо салды. Алардын артынан түшүп алган кабарчы айдоочулардын элди кайсы жерден алып, суранган жеринен түшүрүп, жолдо авариялык абалды түзүп жатканын видеого тартып жүрүп отурду.

Бишкек мэри маршрутка айдоочуларына катуу чара көрүүнү тапшырды
Кааласа, белги бербей токтоп, эл көп чогулган жерде жолдун ортосуна түшүп алып, айтор, айдоочулардын каалагандай жүргөнүн көрүүгө болот.

Ал эми жолдун экинчи тилкесинен бурулуу маселесине келсек, айдоочулар буга уруксат берүүнү талап кылып, кыйынчылык жаралып жатканын айткан. Биз алардын бурулуп эле жаткандыгына күбө болдук.

Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан мындай эреже бузуулар үчүн Админстративдик кодекстин 235-беренесине ылайык 1000 сом айып пул салынарын айтышты.

2-апреде Бишкектеги маршруттук таксилердин айдоочулары тарифти жогорулатып, жүргүнчүлөрдү милдеттүү түрдө камсыздандырууну жокко чыгаруу талабы менен иш таштап, каттамга чыккан эмес. Анын кесепетинен аялдамада кезек күткөндөр көп болуп, коомдук транспортко эл батпай калган.