БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов кайсы фирманын айдоочулары жол эрежесин буза турган болсо лицензиясын алып коюуну сунуштап жатат. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматынан кабарлашты.
Анын алкагында калаадагы транспорт башкармалыгына маршруттук таксилердин айдоочулары жол эрежесин буза турган болсо, иштеген фирманын лицензиясын алуу боюнча маселени иштеп чыгуу тапшырмасы берилди.
Ошондой эле башкармалык айланма жолдордун жаңы схемасын түзүп, борбордук көчөлөрдү маршруткалардан бошотууга милдеттендирилди.
"Жолдордун оңдолушу боюнча графикти эске алуу менен маршруттук такси, автобус жана троллейбустардын дагы схемасын өзгөртүү тапшырылды", — деп айтылат маалыматта.
Ибраимов вице-мэрге жаңы троллейбустардын келишине байланыштуу такай мониторинг жүргүзүп, жаңы автобустарды сатып алуу үчүн тендерди эртелетүүнү тапшырды.
2-апреде Бишкектеги маршруттук таксилердин айдоочулары тарифи жогорулатып, жүргүнчүлөрдү милдеттүү түрдө камсыздандырууну жокко чыгаруу талабы менен иш таштап, каттамга чыккан эмес. Анын кесепетинен аялдамада кезек күткөндөр көп болуп, коомдук транспортко эл батпай калган.