Өзбекстан сураган Алайдагы жайыт чын эле бош жатабы? Берсек жемишин ким жейт

Сары-Таш жайлоосу Ош облусунун борборунан 185 чакырым алыстыкта жайгашып, Тажикстан жана Кытай мамлекеттери менен чектешет. Жайыттын жалпы аянты 78 миң гектар.
Sputnik

БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Кечээ, 29-мартта, Наманган шаарында Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөт башчыларынын жолугушуусунда өзбек тарап Алай районунун Сары-Таш жайлоосундагы мал жайытты ижарага берүүнү сурады. Аталган жайытты СССР убагында Өзбекстан пайдаланып келгение, эгер берилип калса Алайдын бюджетине бир топ киреше түшүп турарын өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Таалайбек Сарыбашев журналисттерге билдирген.

Кыргыз-тажик чек арасы: түшүнбөстүк чыккан аймакка көпүрө курулду. Видео
Мындай маалымат чыгаары менен интернетте түрдүү нааразылыктар пайда болду. Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы коңшу өлкө сурап жаткан жайытты берүү кимге канчалык кандай пайда алып келерин иликтеп көрдү.

Сары-Таш жайлоосу Ош облусунун борборунан 185 чакырым алыстыкта жайгашып, Тажикстан жана Кытай мамлекеттери менен чектешет. Жайыттын жалпы аянты 78 миң гектарды түзөт.

Ош облусунун жетекчилигинин маалымат катчысы Жумамидин Сулайманкулов бул меселе боюнча түшүндүрмө берип, элди жайыт эртең берилип кетет экен деп кабыл албоого чакырат.

"Кечээ Өзбекстандын өкмөтү сунуш гана киргизди. Биздин өкмөт маселени карап чыгып, анан чечим чыгарат. Ал жерде эч кандай "берилет" деген сөз болгон жок. Эгер келишим түзүлүп ижарага берилип калса, жайыт үчүн мал башына салык алып турабыз", — деди Сулайманкулов.

Алайда 35 жыл кой багып чабан болуп иштеген Кармышак Мырзаков да Союз тарагандан кийин ал жактагы жайыттарга мал жайылбай калганын ырастайт.

Кыргызстандын кайсы аймагында уй багуу пайдалуу? Адистердин кеңеши
"Союз маалында ак койлордун баары Алайда багылчу. Сары-Таш жайлоосунун оң жак тарабындагы Бор-Дөбө деген жайытка Өзбекстандан келген чабандар кой жайчу. Биз сол тарабындагы Тоң-Мурун, Көчкөн-Таш, Далда Кара-Суу деген жактарда кой бакканбыз. Союз тарагандан кийин ак койлор жоголуп кетти. Азыр Алайда Катта-Талдык совхозунун эле төрт короо ак кою калган. Кээ бирлер кыштоодогу адамдардын малын алып багып келишет. Бор-Дөбөгө азыр эч ким барбай калды", — деди Мырзаков.

Коңшуларга бере турган ашыкча жайыт чын эле барбы деген суроо менен Алай району боюнча агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси Көчкөнбай Алиев менен байланыштык. Анын айтымында, азыр ал жайлоого жергиликтүү элден тышкары Кара-Суу районунан да малчылар чыгарын айтат.

"Алайдагы жайыттарга көбүнчө кой менен чыгышат. Ири мүйүздүү мал менен жылкы азыраак. Сары-Таш жайлоосундагы жайыттын аянты 78 миң гектар, ал 14 айыл өкмөткө бөлүнүп берилген. Союз ыдырагандан кийин ал жакка эч ким барбай калган. Кийин 2009-жылдан тарта чабандардын саны кайра көбөйө баштады. Эгер шарты туура келсе ижарага бере турган ашыкча жайыттарыбыз бар", — деди Алиев.

Аталган райондогу Сары-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы Баймамат Эмилов жайлоо сезону төрт айга созула турганын айтат.

Өзбекстан өкмөт башчы Сапар Исаковду өзгөчө салтанат менен тосуп алды. Сүрөт
"Биздин айыл өкмөттө жайыттын салыгы бир айга сырттан келген кой, эчкиге 30, уй, топоз, жылкынын ар бир башына 150 сом. Ал эми жергиликтүүлөр кой, эчкиге 10, уй, топоз, жылкыга 30 сомдон төлөйт. Салыктар төрт айга алынат. Бирок учурда бизге караштуу жайыттарда ашыкча жер жок", — деди айыл өкмөт башчысы.

Жогорудагы баалар менен эсептей турган болсок, эгер Өзбекстан тарап ижарага алган жайытка 10 миң кой, эчки айдап барса, төрт айда 1,2 миллион сом, ал эми беш миң уй, топоз, жылкы багам десе 3 миллион сом салык төлөйт экен. Ошондо Алай районунун бюджетине бир сезондо 4,2 миллион сом түшүп турат.