Стикерин көрүп төрүнө өт! Тамактын сапаты кафенин сыртына жазылганда

1-апрелден баштап Экономика министрлиги жана Санитардык-эпидемиялогиялык көзөмөлдөө башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Бишкек жана Ысык-Көл облустарындагы бардык коомдук тамактануучу жайлар текшерилип, алардын абалын көрсөткөн стикерлер имараттын сыртына чаптала баштайт.
Sputnik

"Эң мыкты" деген стикерди алуу үчүн тамактануучу жайлар кандай талаптарга жооп бериши керек жана кайсы жайлар текшерилет? Өзгөчө долбоор тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги материал даярдады. 

Стикеры для оценки качества обслуживания и питания в кафе

Экономика министрлигинин көзөмөлдөө жана жөнгө салуу башкармалыгынын текшерүү бөлүмүнүн башкы адиси Бакыт Давлеталиевдин айтымында, өкмөттүн "Коомдук тамактануу кызмат көрсөтүүнүн коопсуздук деңгээли жөнүндө калкка кызмат көрсөтүү боюнча" токтому ушул жылдын 10-январында  кабыл алынган. Анын биринчи бөлүгүндө 2018-жылдын 1-апрелинен тарта Бишкек жана Ысык-Көл облустарында жайгашкан коомдук тамактануучу жайлар 12 айдын ичинде текшерилет. Ал эми экинчи бөлүгү 2019-жылдын 1-апрелинде башталып, анда өлкөнүн бардык аймактарында жайгашкан тамактануучу жайлар көзөмөлгө алынмакчы.  

Главный специалист сектора регулирования контрольно-надзорной деятельности Министерства экономики Бакыт Давлеталиев

"Чапталган стикерлер аркылуу кардар кайсы кафе же ресторанга кирип тамак ичүү кооптуу же коопсуз экенин сырттан кирип келе жатып эле биле алат. Мисалы, жашыл түс — талаптарга туура келет дегенди билдирсе, сары түс бир аз жакшыртуу зарыл дегенди түшүндүрөт. Ал эми кызыл кыйла жакшыртуу керек деген маанини билдирет. Мында кафедеги тейлөө, тамактын даамы же өлчөмү деген нерселер эске алынбайт", — деди Давлеталиев.

Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө башкармалыгынын тамак-аш бөлүмүнүн санитардык дарыгери Майрам Иманкулова текшерүү учурунда эмнелерге көңүл бурула тургандыгын тизмектеп берди. 

Врач санитарно-эпидемиологического надзора Майрам Иманкулова

Көчмөндөр оюнуна карата Боомдогу кафелер текшерилип айып салынды
"Эң алгач ашкана, кафе, бар же ресторандагы тамак-аш адамдын ден соолугуна зыян келтирбейби жана тастыкталган документтери барбы деген суроолорго жооп алабыз. Андан соң ашканасынын абалын, ремонтун карап, эт жууганга, жер-жемиш сактаганга канча бөлмөсү бар экенин карайбыз. Тамак-аштын бышкандан кийинки сапаты, температурасынан бери каралат. Иштеп жаткан кишилердин медициналык справкаларын сурайбыз. Анткени ашканада иштеген адамдар кургак учук же ичеги оорулары менен оорубагандыгын билишибиз керек. Негизи буга чейин деле коомдук тамак-ичүүчү жайлар көзөмөлдөнүп, текшерүү баракчаларын толтуртчубуз. Болгону эми аларды элге ачык-айкын жарыялай баштайбыз", — деди Иманкулова.

Ал эми Давлеталиев тамак-ичүүчү жайдын "жакшы" же "начар" экендиги дароо эле 1-апрелде аныкталып калбастыгын кошумчалап кетти.

"Стикер кафе-ресторандарга 1-апрелден баштап эле чапталып калбайт. Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө башкармалыгынын кызматкерлери алгач бир кварталга план түзүп, ошол планга кирген жайлардан баштайт. Аны текшергенден кийин да дароо стикер чапталбайт. Ишкерге атайын убакыт берилип, анын жыйынтыгында гана "жакшы", "жаман" деген баа берилет. Мындай жол менен тамактануучу жайларда атаандаштык пайда болуп, сандан сапатка өтө баштайбыз", — деди Давлеталиев.

Ал мындай текшерүү жылына бир жолу жасалып турарын айтып, стикерлерди ишкерлер жасалма кылып албашы үчүн кардар Экономика министрлигинин же санитардык-эпидемиялогиялык көзөмөлдөө башкармалыгынын сайтына кирип, кайсы тамактануучу жайда кандай белги бар экенин бир сыйра карап алса болорун баса белгилеп кетти.