Өзбекстан өкмөт башчы Сапар Исаковду өзгөчө салтанат менен тосуп алды. Сүрөт

Бир күндүк жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча маселелер талкууланат
Sputnik

ФЕРГАНА, 29-мар. — Sputnik. Бүгүн, 29-март күнү премьер-министр Сапар Исаков баштаган делегацияны кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы "Достук" бекетинен Өзбекстандын Андижан облусунун башчысы Шухрат Абдурахманов башында турган топ салтанаттуу тосуп алды.

Кыргызстан менен Өзбекстандын чектеш облустарындагы жетекчилери эки өлкөнүн премьер-министрлери баштаган жыйынга чогулуп, иш-чара Фергана шаарында өтүп жатат.

1 / 6
Бүгүн, 29-март күнү премьер-министр Сапар Исаков баштаган делегацияны кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы "Достук" бекетинен Өзбекстандын Андижан облусунун башчысы Шухрат Абдурахманов башында турган топ салтанаттуу тосуп алды.
2 / 6
Кыргызстан менен Өзбекстандын чектеш облустарындагы жетекчилери эки өлкөнүн премьер-министрлери баштаган жыйынга чогулуп, иш-чара Фергана шаарында өтүп жатат.
3 / 6
Бир күндүк жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча маселелер талкууланат.
4 / 6
Өткөн жылдын 5-7-сентябрында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга болгон сапарында өкмөттөр аралык өз ара түшүнүшүү жөнүндөгү меморандум кабыл алынган.
5 / 6
Ага ылайык, эки өлкөнүн чектеш облустарынын акимдеринин кеңешин түзүү маселеси каралган.
6 / 6
Бүгүнкү Ферганадагы жолугушуу ошол кеңештин алгачкы жыйыны болуп эсептелет.

Бир күндүк жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча маселелер талкууланат.

Өзгөчө шаң! Ташкенттен келген поездди Бишкек кантип тосуп алды
Өткөн жылдын 5-7-сентябрында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга болгон сапарында өкмөттөр аралык өз ара түшүнүшүү жөнүндөгү меморандум кабыл алынган. Ага ылайык, эки өлкөнүн чектеш облустарынын акимдеринин кеңешин түзүү маселеси каралган. Бүгүнкү Ферганадагы жолугушуу ошол кеңештин алгачкы жыйыны болуп эсептелет.

Кыргыз делегациясынын курамында министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилери, өкмөттүн Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ошондой эле чектеш регоиндордун аймактык органдарынын жетекчилери бар.