Кыргызстанда интернет аркылуу ичимдиктерди жарнамалоого тыюу салынды

Кыргызстандын президенти Соорнбай Жээнбеков жарнама жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу документке кол койду
Sputnik

БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Кыргызстанда спирт ичимдиктерин интернет аркылуу жарнамалоого тыюу салган мыйзам иштей баштайт. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңеш 2018-жылдын 15-февралында кабыл алган жарнама жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу документке кол койгон.

"Мыйзамдын максаты — технологиялардын өнүгүшүнө байланыштуу жарнама тууралуу мыйзамды жакшыртуу, ошондой эле калктын ичимдикке болгон керектөөсүн азайтуу болуп саналат. Мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, ичимдиктерди интернеттен жарнамалоого тыюу салынат", — деп айтылат маалыматта.

Спирт жана алкоголдук продукцияларды өндүрүү мамлекет тарабынан жөнгө салынат
Ошондой эле Монополияга каршы мамлекеттик агенттиги ичимдиктерге байланыштуу жарнамалык материалдарга мониторинг жүргүзүү укугуна ээ болду.

Экономика министрлигинен аталган мыйзамда айып пулдун көлөмү көрсөтүлбөгөнүн маалымдашты. Бирок Административдик жоопкерчилик боюнча кодексте мыйзам бузгандарга атайын жобо каралган:

Жарандар менен жеке жактарга — 1-2 миң сом;

Кызмат адамдарына — 5 миңден 10 миң сомго чейин;

Юридикалык жактарга – 10 миңден 100 миң сомго чейин.

Мыйзам 15 күндөн кийин күчүнө кирет.