ЖМК: Кемероводогу өрттөн 41 бала каза болду

Расмий маалыматтар боюнча өрттөн каза болгондордун саны 64 кишиге жетти
Sputnik

БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Россиянын Кемерово шаарындагы соода борбордо чыккан өрттөн каза болгондордун 41и балдар экенин РИА Новости агенттиги өз булактарына таянуу менен билдирди.

Көз жумгандардын тизмесинде 41 баланын аты-жөнү бар деп булак кабарлаган.

Кайдан деп болобу... Кемероводогу каргаша Кыргызстанда кайталанбайбы?
Расмий маалыматтар боюнча өрттөн каза болгондордун саны 64 кишиге жетти.

Белгилей кетсек, 25-мартта Кемерово шаарындагы "Зимняя вишня" деп аталган төрт кабаттуу соода борборунда өрт чыккан. Өрт кантип башталганы видео байкоого түшүп калган.

Бул трагедия Россиядагы эң чоң төрт өрт кырсыктын бири катары эсептелүүдө. 1999-жылы Самарада Ички иштер башкармалыгында тилсиз жоо 57 өмүрдү алып кеткен. 2007-жылы Краснодар аймагындагы карылар үйүндө чыккан өрттөн 63 киши каза тапкан. 2009-жылы Пермь шаарындагы "Хромая лошадь" клубунда чыккан өрттөн 153 адам өмүрү менен коштошкон.