Трамп трансгендерлердин аскерде кызмат өтөөсүнө тыюу салды

Түрдүү маалыматтар боюнча АКШнын армиясында 1,3 миңден 6 миңге чейин трансгендер кызмат өтөйт
Sputnik

БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. АКШнын президенти Дональд Трамп трансгендерлердин аскерде кызмат өтөөсүнө тыюу салган меморандумга кол койгонун РИА Новости агенттиги билдирди.

Президент мындай чечимди коргоо министри менен аскер эксперттеринин сунушунун негизинде кабыл алган. Меморандумга ылайык, операция жана дары-дармек талап кыла турган "гендердик дисфория" менен ооругандар аскерде кызмат өтөй албайт.

Ошонтсе да айрым өзгөчө учурларда гана трансгендерлердин аскерде кызмат өтөөсүнө уруксат берилери меморандумда жазылган.

Жынысын алмаштырам деген Венера: ким экенимди билген жигиттер "өлтүрөм" деп коркутат
АКШнын армиясында трансгендерлердин кызмат өтөөсүнө уруксат берүү Барак Обаманын тушунда берилип, аны ишке ашыруу 2017-жылдын 1-июлуна чейин жылдырылган. АКШнын коргоо министри Жеймс Мэттис 1-июлда уруксат берүүнү алты айга жылдыруу чечимин кабыл алган. Аталган маселе боюнча чечим кийинкиге калтырылган.

Түрдүү маалыматтар боюнча АКШнын армиясында 1,3 миңден 6 миңге чейин трансгендер кызмат өтөйт.