Өзүн барымтадагыларга алмаштырган полиция өлүм алдында никесин кыйдырды

Жума күнү марокколук Редуан Лакдим автоунаанын айдоочусун өлтүрүп, куралсыз жүргөн атайын даярдыктагы аскерлерге кол салган
Sputnik

БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Франция жандармериясынын өзүн барымтадагыларга алмаштырган подполковниги Арно Бельтрамдын никеси ооруканада кыйылып, андан соң жан берди. Бул туурасында РИА Новости Le Monde басылмасына таянып кабарлады.

Чиркөө кызматкери ок жеп өлүм алдында жаткан полиция кызматкеринин никесин кайра жандандыруу бөлүмүндө кыйды. Буга чейин бирге жашап келген түгөйлөр бул жакшылыгын июнь айында жакындарынын катышуусу менен өткөрүүнү пландашкан.

Мельбурнда олдоксон ууру соцтармак колдонуучуларын күлкүгө бөлөдү. Видео
Жума күнү марокколук Редуан Лакдим Францияда автоунаанын айдоочусун өлтүрүп, куралсыз жүргөн атайын даярдыктагы аскерлерге кол салган. Андан соң супермаркетке кирип барып, ичиндегилерди барымтага алган.

Окуя болгон жерге кесиптештери менен келген Бельтрам беркилер менен сүйлөшүү жүргүзүп, барымтадагы аялга өзүн алмаштырууну сунуштаган. Ал штурмалоо учурунда катуу жаракат алып, эртеси, ишемби күнү ооруканада көз жумган.

Франциядагы жалпыга маалымдоо каражаттары подполковниктин бул кадамы бир топ адамдардын өмүрүн сактап калгандыгын жазышты. Кол салууда төрт киши каза таап, 15и жарадар болгон.

Маалыматта Франция президенти Франсуа Макрон подполковник Бельтрамдын жаркын элесине арнап, эскерүү иш-чарасын өткөрүүгө буйрук бергендиги кабарланды.

Бишкек шаарында да 2-февраль түнү "Чыгыш-5" кичи районунда белгисиз адам милиционерди жарадар кылган.