Актан, Аскар, Айида, Асыл. Атыңыздын маанисин билесизби?

Ар бир ата-эне ымыркайлуу болгондо ылайыктуу ысым ойлонуп, анын маанисин түшүнүп койгону оң. Ысымдар тууралуу рубрика улантылат.
Sputnik

Буга байланыштуу Sputnik Кыргызстан агенттиги кыздар-балдардын кыргызча ысымдарын чогултуп, лексикалык маанилерине токтолмокчу. Бул ирет да "а" тамгасынан башталган кыздар менен балдардын 20 ысымын сунуштайбыз.

Эркек балдарга берилчү 10 ысым

Актан. Бул сөздүн лексикалык мааниси орусчага которгондо "оправдываться" дегенди түшүндүрөт. Бирок бул ысымды ата-энелер балдарына белгилүү манасчы, акын жана комузчу Актан Тыныбек уулунун урматына, ал адамдай улуу, ойчул болсун деген мааниде ыйгарышат.

Адилет, Азамат, Айгүл, Айзат... Атыңыздын маанисин билесизби?
Алтай. Бул сөз жердин, элдин аты. Ошондой эле чокусу асман тиреген, кооз Алтай деген тоолор бар. Мындан улам ата-энелер уулу "тоодой бийик, мекенин, эли-жерин коргогон эр азамат болсун" деп ушул атты беришкен. Ошондой эле бул сөздүн "алты ай" деген мааниси бар. Кокус бала ара төрөлүп же энесинин курсагында алты ай жатып эле жарык дүйнөгө келип калса "өмүрү узун болсун, турмуштук кокустуктарга кабылбасын" деген тилек менен бул ысымды ыйгарышкан.

Алтынбек. Алтын — баалуу таш. Ал эми "бек" деген сөздүн биринчи мааниси "бекем, жаны бекем болсун" деген маанини билдирсе, экинчиси "эл башчы" дегенди туюндурат. Мындан улам бул ысым эркек балдарга "эл башкарган, нарктуу, кадырлуу мырза болсун" деген тилек менен коюлат. Ошондой эле үй-бүлөдө алтынчы төрөлгөн бала болсо да ага Алтынбек деген ысым берилип жүрөт.

Аман. Бул сөздүн лексикалык мааниси "дени сак" дегенди түшүндүрөт. Мындан улам ата-эне баласы ар дайым "аман болуп, өмүрү узун болсун" деген жакшы ой менен бул ысымды наристеге коюп келет.

Ардак. Ардак "сый-урмат" деген маанини билдирет. "Ата-энесинин ардагы, урмат-сыйы болуп, тели-теңтушун, эли-журтун ардактагандардан болсун" деген тилекте көпчүлүгү эркек балдарга коюлуп келет.

Артык. Бул сөздүн эки мааниси бар бири "ашыкча" дегенди түшүндүрсө, экинчиси "мыкты" дегенди билдирет. "Балам башкалардан өзгөчө, артык, мыкты болсун" деген жакшы тилек ымыркайга ыйгарылып келет.

Аз жашаган адамдын атын бербейт! Ымыркайга ысым ыйгаруудагы 7 "болбойт"
Арстан. Арстан — жаныбарлардын эң күчтүү, кайраттуусу. "Арстандай шер, эрктүү, күчтүү" болсун деген ой менен бул уул балдарга берилип жүрөт. Ошондой эле эл арасында Жолборс аттуу да мырзалар көп.

Алымбек. "Алым" деген сөздүн лексикалык мааниси "кадырына жетүү, сыйлай билүү" дегенди түшүндүрөт. "Уулу эл-журтка алымдуу бала болсун" деген максат менен айрымдары балдарын Алым, Алымбек же Алымкул атап келишет.

Аскар. Бул сөз "бийик, кол жеткис" деген маанини туюндурат. "Айылына душман келсе, аскар тоодой бел болсун" деген мааниде эркек балдарга коюлчу ысым.

Атабек. "Атанын уулу болуп, анын жолун жолдоп, ата-энесин сыйлаган уул болсун" деген мааниде берилген ысым.

Кыз балага берилчү 10 ысым

Айселки. Ай — бул асмандан, бийиктен тийген, караңгыны жарык кылган, шоола чачкан түбөлүктүү планета. Ал эми "селки" деген сөз "кыз, сулуу" деген маанини берет. Ата-энеси кызын "айдай сулуу, көрктүү селки жана акыл-эстүү, ыймандуу пенде болсун" деп ага ушул ысымды беришкен.

Дүйшөмбү, Шейшемби, Бейшемби. Апта күндөрүнүн аталышын алган кыргызстандыктар
Айтурган. Бул ысымдын биринчи бөлүгү "ай" байыркы түрк тилинде "сулуу, көркөм асыл, аппак, нурдуу, акылдуу кымбаттуу" деген маанини билдирет. Ата-бабалар "кызым жашап кетсин, жүзүнөн дайыма нур чачырап турган кыз болсун" деп кыз балдарга ыйгарышкан.

Айчүрөк. Бул антропоним "ай" жана "чүрөк" деген эки бөлүктөн турат. Кыргыздардын элдик түшүнүгүндө, ушул кезде ай — сулуулуктун жана түбөлүктүүлүктүн символу. "Чүрөк" сөзү болсо "сулуу" дегенди туюнтат. Бул эки сөз биригип, сулуунун сулуусу, нурдуунун нурдуусу деген күчөтмө маанидеги түшүнүктөр байланышып, кыз балдарга берилет.

Айида. Бул ысым араб тилинен келген. "Айда" сөзү "пайда, киреше, сылык" деген маанини билдирет. Бул антропоним кыргыз жазмаларында Аида, Айида түрүндө жазылып эл арасында кеңири тараган. Алгач (XX кылымдын 70-80-жылдары) кыргыз интеллигенция үй-бүлөлөрүндө пайда болгон жана азыркыга чейин кыздарга берилип жүрөт.

Анар. Дарактын жана мөмө-жемиштин аты. Лексикалык өзөгүнө "анар" сөзү негиз болуп, ысым кыз балдарга (Анар, Анара, Анарбүбү, Анаргүл, Анаржан, Анарча), эркек балдарга да (Анар, Анаралы, Анарбай, Анарбото, Анаркул, Анармат) деп ыйгарылып жүрөт. Бала төрөлгөндө денесинин, мүчөсүнүн кандайдыр бир жеринде кызыл белги (кээде кочкулу, карасы же көгү) болсо, ал көбөйүп кетип, бала өлбөсүн деген тилек менен бул ысымды ыйгарышкан. Айрымдары бул атты кыздарга "кызыл жүздүү, сулуу кыз болсун" деген тилек менен ыйгарып келет.

Цезарь, Рамзес, Сулла. Улуу жол башчылардын атын алган кыргызстандыктар
Аруужан. "Аруу" деген сөз тазалыкты, сулуулукту түшүндүрөт. Мындан улам "кыздарынын жан дили таза болсун, аруулук аны ар дайыма коштоп жүрсүн" деген тилек менен кыз балага ыйгарышкан. Арууке деген ысым да ушундай маанини туюндурат. Акыркы кезде Аруузат деген ат көп кездешет.

Асел. Асел сөзү түштүк диалектилеринде "бал" деген маанини туюндурат. Мындай энчилүү ат дээрлик кыз балдарга "өзү да, тили да балдай ширин, жасаган тамагы да, элге болгон мамилеси да таттуу болсун" деп ыйгарышкан.

Асыл. Бул сөздүн лексикалык жактан "кымбат, баалуу" деген маанини билдирет. Ошондуктан ата-эне кыздары барктуу болсун деген тилек менен кыздарына бул ысымды ыйгарган. Айрымдары бул сөзгө мүчө улап Асылгүл, Асылкан деп да жүрүшөт.