Окумуштуулар карылыкты жеңүүнүн жолун табышты

АКШнын Сент-Луис университетинин окумуштуулары киши эрте карып баштаганда клеткалардын бөлүнүп чыгуу процесси бузулуп, иммундук система бузулаарын аныкташкан.
Sputnik

БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. АКШлык окумуштуулар Хатчинсон-Гилфорд синдрому (тери менен ички органдар тездик менен карыйт) менен ооруган балдардын клеткаларынын иштөө механизмин изилдешкен. Бул тууралуу EurekAlart сайты жазып чыкты.

Илимпоздор мыкты мүчө бойлуу болуунун жөнөкөй сырын ачышты
АКШнын Сент-Луис университетинин окумуштуулары киши эрте карып баштаганда клеткалардын бөлүнүп чыгуу процесси бузулуп, иммундук системасы бузулаарын аныкташкан. Мындай процесстин алдын алуу үчүн D витаминин ичсе жакшы жардам берип, клеткаларды кыймылга келтирип, жашартат.

Хатчинсон-Гилфорд синдрому сейрек кездешкен генетикалык оору. Ал гендин мутациясына байланыштуу болуп, 2-3 жаштагы балдарда байкалышы мүмкүн. Анда адамдын булчуңдары алсызданып, тери тездик менен карыйт. Ошондой эле денедеги түк түшүп, сөөктүн чучугу кургап калат.