Отко салбайт! Сөөккө, жиликке карата 6 "болбойт"

Кыргыз элинде мал союу, эт тартуу, устукандоо каадаларынын ар бирине тиешелүү өз эрежеси жана маданияты болот. Ошол сыяктуу эт жеп бүткөндөн кийин да жиликтин сөөгүн кантип, кандай пайдалануу боюнча эзелтен калган тартиби бар. Алсак, бардык эле жиликти жеп бүткөндөн кийин таштандыга салып же итке бергенге боло бербейт экен.
Sputnik

Sputnik Кыргызстан агенттиги бул жолку "болбойт" рубрикасына сөөккө, жиликке карата болбой турган элдик эрежелерди этнопедагог Абдыкерим Муратовдун жардамы менен жазып чыкты.

Устукан тартуу маданияты
Сөөктү таза мүлжүмөйүн таштабайт. Улуу адамдар үйлөнө элек жигиттерге, турмушка чыга элек кыздарга "жиликти канчалык таза мүлжүсө алган жары же жолдошу сулуу болот" деп айтып калышат. Негизи бул этти ысырап кылбоо үчүн айтылган кеп. Ошондой эле эл арасында "сөөктү таза мүлжүгөн адам бай болот" деген ишеним да жашаган.

Кар жиликтин сөөгүн ыргытпайт. Элибиз устукандардын ичинен кар жиликке өзгөчө мамиле кылып, аны кароолчу жилик деп коюшкан. "Жигитке жолдош болуп, жылкы кайтарат" деген таризде жиликти итке берип, ыргыткан эмес. Кар жиликти узак сапарга, жоого чыкканда жигиттер жанына салып алган. Ошондой эле аны бешикке, босогонун оң жагына, малдын мойнуна, ээрдин кашына "колдойт" деген мааниде илип коюшкан. Кар жиликти итке берген да болбойт, эч ким тийбеген жерге коюу керек.

Кар жиликтин сөөгүн чакпайт. "Кар жиликти чаккан кишинин жолу болбой калат" деген ишеним жашаган. Мындан сырткары, кар жиликтин жанындагы жаачыгын негизги сөөктөн ажыратпайт. Аны тиш менен мүлжүгөн да болбойт.

Далынын сөөгүн тили чыга элек балага көрсөтпөйт. Далы илгертеден эл арасында касиеттүү устукан болуп эсептелип келет. Мурда атайын далычылар болуп, алар далы сөөктү отко күйгүзүп, суутуп, койнуна катып туруп, аны менен адамдардын тагдырын алдын ала көргөн. Андыктан далы сөөккө этият мамиле кылып, таза мүлжүп бүткөн соң анын жука жерин тешип коюшкан.

Санабайт, бөтөн көзгө көрсөтпөйт! Мал туут учурундагы 6 "болбойт"
Отко салбайт. Кыргыздар илгери эле сөөк күйгөн кезде зыяндуу заттарды бөлүп чыгарарын билишкен. Анын үстүнө мурда кол өнөрчүлөр балдак (аңчылыкта куш конуп туруучу туур), бычак, маки, тушамыш жана башка буюмдарды жасоодо сөөктү жана мүйүздү пайдаланган. Балким ошол себептен да сөөк отко салынып, күлгө айланып кетпесин дешкендир.

Сөөктүн чучугун балага бербейт. Ата-энелер кашка жилик, жото жилик, күң жиликтерди чакканда ортосундагы чучугун балдарына "бизди бакпай коесуң" деп беришкен эмес.

Устуканга байланыштуу болбой турган нерселерди да билип алгыла!