"Ала-Тоо" аянтына келгендер тыкыр текшерүүдөн өткөрүлүп жатат

Жолго бетон тосмолору коюлуп, коомдук тартипти милиция кызматкерлери көзмөлдөп жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Бишкекте Нооруз майрамына карата "Ала-Тоо" аянтынын борбордук көчөсү жабылып, саамалыкка келгендер тыкыр текшерүүдөн өткөрүлүүдө.

Жолго бетон тосмолору орнотулуп, коомдук тартипти милиция кызматкерлери көзмөлдөп жатат. Андан сырткары, бир катар көчөлөр жабылды.

1 / 2
Бишкекте Нооруз майрамына карата "Ала-Тоо" аянтынын борбордук көчөсү жабылып, саамалыкка келгендер тыкыр текшерүүдөн өткөрүлүүдө.
2 / 2
Жолго бетон тосмолору орнотулуп, коомдук тартипти милиция кызматкерлери көзмөлдөп жатат. Андан сырткары, бир катар көчөлөр жабылды.

"Ала-Тоо" аянтындагы концерттик программа 11.00дө башталды.

Шаар тургундары менен меймандар үчүн Sputnik Кыргызстан агенттиги иш-чаралардын картасын даярдаган.