Бул сапар татар ашканасына таандык болгон чак-чакты бал кошуп жасайбыз.
Бул жумада "Омар не Хайям" ресторанынын ашпозчусу Умид Юлдашев чак-чак кантип жасаларын көрсөтүп берет.
Чак-чак ар бир үй-бүлөнүн өзүнүн жасоо ыкмасы менен айырмаланышы мүмкүн, бирок керектелүүчү азыктар окшош. Ал —жумуртка менен жогорку сорттогу ун. Жаңгак менен кургатылган жемиш кошуп койсо, ашыктык кылбайт.
Алты кишиге чак-чак жасаш үчүн төмөнкү азыктар керек:
ун — 400 г
жумуртка — 4 даана
туз — 5-7 гр
уксус —1/2 аш кашык
сода — 2 г
өсүмдүк майы — 500 мл
бал — 4 аш кашык
Кооздойм десеңиз төмөнкүлөрдү кошосуз:
жаңгак — даамына жараша
мейиз — даамына жараша
Бул таттуу тамак эки саатта даяр болот
Көмөч сымал формадагы камырды төрткө бөлүп, жука кылып (2 мм.) жайылат. Аны видеодо көрсөтүлгөндөй узунан ичке-ичке кылып кесип чыгат.
Андан соң өсүмдүк майын казанга же көмөч казанга куюп, ысып чыккандан кийин боорсок сымал 3-4 мүнөткө чейин бышырып алат. Бышкан ичке камыр жегенде кыртылдап турушу керек. Аны топтоп туруп, үстүнө май куят. Каалагандай формага келтирип, мейиз же жаңгак менен кооздоп коюшат.
Чак-чакты адатта конок келгенде же майрамдык дасторконго коюшат. Болбосо жөн гана чай же кофе менен жесе да болот.
Тамагыңыз даамдуу болсун!