Бишкек ТЭЦиндеги авариянын чыныгы себебин ишкананын мурдагы директору айтып берди

Авария болгонго чейин эле адистер көйгөйлөр жаралышы мүмкүн экенин билдирип, аны жетекчилик олуттуу кабыл албай койгону айтылды
Sputnik

БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Бишкек ТЭЦиндеги авария насостун айынан гана эмес, жаңы химиялык цех курулбагандыгы үчүн дагы болду. Мындай пикирин ишкананын мурдагы директору Нурлан Өмүркул уулу Sputnik Кыргызстан агенттигиндеги маалымат жыйынында билдирди.

Бишкек ТЭЦинин экс-жетекчиси: аттиштен башка нерселер да кымбат алынган
Ал буга чейин химиялык цехтеги насос сынып, буу казандарга тазаланган суу берилбей калгандыктан авария болду деген маалымат коомчулукка тарап кеткенин белгилеп өттү.

Өмүркул уулунун айтымында, ТЭЦти модернизациялоо боюнча келишим түзүлүп жатканда "Электр станциялары" ишканасынын директоруна химиялык цех курдуруу боюнча кат жолдонгон. Бирок цех курдуруу чечими кабыл алынган бойдон эле токтоп калган.

"Аварияга химиялык цех курулбай калганы себеп болду. Биз башкы директорго модернизацияланган ТЭЦ баары бир иштебей турганын айтканбыз. Адистер тазаланган суу буу казандарга барбайт деп божомолдоп жатышкан", — деди Өмүркул уулу.

Бишкек ТЭЦиндеги авария боюнча Кытай компаниясы үн катты
Ал мурда унчукпай келгенине жетекчиликтин "ТЭЦтеги модернизацияга көлөкө түшүрбө" деген сөзү себеп болгонун кошумчалады.

Эскерте кетсек, 26-январь күнү кечинде Бишкек ТЭЦиндеги эски буу казандарга суу берген куур жарылганы айтылган. Кырсыктын кесепеттери 30-январда гана жөнгө салынган.

2013-жылы башталган модернизация иштерин Кытайдын TBEA компаниясы 386 миллион долларга ишке ашырган.