Темир Жумакадыровдун аялы Нора Сүйүналиева жолдошунун атынан фонд түптөдү

Фонддун негизги максаты — Темир Жумакадыровдун жасалбай калган иштерин улантып, коррупция менен күрөшүү болуп саналат.
Sputnik

БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Вице-премьер Темир Жумакадыровдун атынан "Pro Lex" аттуу коомдук фонд түзүлдү. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине Жумакадыровдун келинчеги Нора Сүйүналиева кабарлады.

Сүйүналиева аталган фондду жолдошунун артында жасалбай калган иштерин улантып, коррупция менен күрөшүү максатында түзгөн.

"Pro Lex" деген сөз латын тилинен которгондо "мыйзам үчүн" деген маанини түшүндүрөт. Темир "мыйзам" деген сөздү туу туткан адам эле. "Өлкөгө мыйзамдуулук орнотуш керек. Мыйзам иштей баштаганда гана мамлекет өнүгүп, жарандар коопсуз жашай алат" деп көп айтчу. Анын баштаган ишин таштап салбай уланталы деген ой менен атайын фонд ачтык. Учурда командабыз менен коррупцияга каршы күрөш жана жолдордогу коопсуздук боюнча бир катар долбоорлордун үстүндө иштеп жатабыз ", — деди Сүйүналиева.

Ал ошондой эле Темир Жумакадыровдой адам жүз жылда бир жараларын айтып, өзгөчө сапаттарына токтоло кетти.

Илим Карыпбеков: менден жүз эсе таза Темир кетип, мен тирүү калганыма уялам
"Темир Курмангазиевич өзгөчө инсан эле. Айылдан, карапайым үй-бүлөдөн чыккан, жашоону түшүнгөн адам болчу. Боорукер, тартиптүү, акылдуу өзгөчө жан эле. Кайгылуу окуя баарыбыз үчүн сабак болду окшойт. Ал мекенине таза кызмат кылгандардын үлгүсү десем жаңылышпайм", — деди Сүйүналиева.

Вице-премьердин жубайы учурда Темир Жумакадыровдун жашоосуна арналган китеп жазылып жатканын жана фонд менен китептин расмий түрдө ачылыш аземи ушул жылдын сентябрь айында өтө турганын кошумчалап кетти.

Эске салсак, Жумакадыров өткөн жылдын 7-октябрь күнү Москва районунун Садовое айылында жол кырсыгынан улам көз жумган. Ал кырсыктан вице-премьердин жардамчысы жана айдоочусу да каза тапкан.

Февраль айында аталган кырсык боюнча сот болуп, анда Москва райондук соту Темир Жумакадыров менен дагы эки кишинин өмүрүн алган кырсыкка себепкер айдоочу Таалайбек уулу Автандилди 10 жылга эркинен ажыратып, мамлекетке 2,1 миллион сом айып төлөтүү чечимин чыгарган