Биология илимдеринин доктору, эколог Эмил Шүкүровдун айтымында, жашылдандыруу ишканасы тактай даярдаган мекемеге айланып кетти.
"Мындай мамиле жашылдандыруучулардын эмес, тактай даярдагандардын кылганы. Алардын жолду кеңейтүү үчүн кыйып жатабыз дегени жөн эле сөз. Менимче мунун аркасынан алар бизнес кылып жатышат. Себеби жол тилкесине кирбеген талдарды деле жыгышыптыр", — деди Шүкүров.
Ошондой эле ал жарактуу бак-дарактарды кайра калыбына келтирүү үчүн узак убакыт талап кылына турганын кошумчалады.
"Былтыр жаздан баштап жолду кеңейтүү максатында талдар кыйылган. Бардыгы мыйзам чегинде жана түзүлгөн комиссиянын корутундусунун негизинде аткарылган. Анда жалпы жонунан 200дөн ашык түп дарак кесилип, бүтпөй калган иштер жакында соңуна чыкты. Буюрса бир жуманын ичинде алардын ордуна жаңы көчөттөрдү отургузабыз", — деди Калчаев.
Буга чейин мэрия шаардагы Токтоналиев көчөсүнөн Ала-Арча дарыясына чейинки аймакта дагы 100дөн ашык даракты кыйдырткан.