БИШКЕК, 11-мар. – Sputnik. Бишкек ТЭЦинин эски бөлүгүндөгү авария менен жаңы бөлүктү чаташтыргандар жаңы блокту курган бир нече миңдеген кыргыз жана кытай жумушчуларынын эмгегин басынтты. Бул тууралуу кытайлык ТВЕА компаниясынан билдиришти.
Маалыматта жаңы блоктун курулушу эң жогорку деңгээлде аткарылганы жана ведомстволор аралык комиссия авария эски блокто болгонун тастыктаганы белгиленген.
“ТЭЦтин жаңы блогунун эксплуатацияга берилгенге чейинки жана ишке киргенден кийинки көрсөткүчү эң жогорку деңгээлде. Эски блокто авария болгон кезде жалдаган тараптын буйругу менен жаңы блок ишке кирүүгө даяр болчу. Айрым адамдардын ТЭЦтеги аварияны жаңы блокко байланыштырып жатканы такыр түшүнүксүз. Так ушул жаңы блоктун кызматкерлери башкалар менен чогуу шаар жылуулук системасын миллиарддаган чыгымдардан сактап калышты. Ошондой эле компания Кыргызстан менен Кытайдын достук мамилеси үчүн кошумча иштерди дагы аткарып жатты”, — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле аварияны шылтоолоп компанияны каралагандар, Кыргызстан менен Кытайдын кызматташуусуна доо кетирүүнү каалаган күчтөр бардыр деген божомол маалыматта белгиленген.
Ошондой эле ишкана бир гана Кытайда эмес, Россия, АКШ, Европа жана дүйнөнүн 60 өлкөсүндө канчалаган долбоорлорду ишке ашырып бир дагы жолу сын укпаганы айтылып, ТВЕА энергетикалык жабдыктарды чыгаруу боюнча дүйнөдө биринчи орунда экени белгиленген.