БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Бир тонна бешбармакка эт тууроо боюнча сынак өтүп, анда Ат-Башы районунун Казыбек айылынын жигиттери биринчи орунду алышты. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине сынактын уюштуруучусу Тынчтык Алтымышев билдирди.
Эске салсак, демилгечилер бир тоннадан ашык бешбармак менен 117 метрлик чучукту Гиннес китебине киргизүү аракетин көрүшүүдө. Кечээ 8 жылкы союлган, бирок ашыгы менен болсун деп дагы бир жылкы союлуп эти бышырылган. Анын алкагында эт тууроо таймашы да уюштурулган.
Алтымышевдин айтымында, таймашка беш кишиден турган алты топ катышкан.
Ал ошондой эле жеңүүчүлөрдү аксакалдардан түзүлгөн калыстар тобу аныктаганын айтып, байге катары 1-орунга ирик, 2-ге кой жана 3-орунга козу берилгенин кошумчалады.
Бир тоннадан ашык бешбармак менен 117 метрлик чучук кантип даярдалганын Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан көрүңүздөр. Белгилей кетчү жагдай алгач бир тонна бешбармак менен 110 метрлик чучук даярдоо пландалган болчу.