Жээнбеков менен Проценконун айыгышкан кармашы. Видео

Кечээ, 6-мартта, Бишкекте кулатуу эр таймаш боюнча WEF Global 11 эл аралык турнири өттү.
Sputnik

Кеченин мыкты беттешин чемпиондук кур үчүн күч сынашкан кыргызстандык Тилек Жээнбеков менен украиналык Юрий Проценко тартуулады.

Бишкектеги ММА турниринин башкы беттештери. Видео
Эске сала кетсек, былтыр 9-декабрда Юрий Проценко JFC MMA турниринде "Ак аюу" каймана аты менен таанымал Мыктыбек Мамасалиевди жеңип алган.

Андыктан бул беттешти көбү реванш катары баалады. Кармаш учурунда Жээнбеков бокстун ыкмасы менен көбүрөөк чабуул жасаса, Проценко бутка киргенге аракет кылды. Бирок аракетинен майнап чыкпай, коргонуудан башка арга тапкан жок. Төртүнчү раундда Проценко өз каалоосу менен беттештен баш тартып, чемпиондук кур Тилек Жээнбековго тагылды.

29 жаштагы Тилек Жээнбеков грэпплинг боюнча Азиянын, самбо боюнча Евразиянын чемпиону.

WEF Global 11 турнири кандай өткөнүн тексттик түз алып берүүдөн окуңуз.