Депутат Жолдошбаев маршруткага түшүүнү сунуштаган журналисттерге жооп берди

Депутат Жолдошбаев Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин шеф-редактору менен сүйлөшүп, маршруткага түшөрүн айткан.
Sputnik

БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Бир айга жакын убакыт мурда кесиптештеринин маршрутка менен жүргөнүнөн уялганын айткан ЖК депутаты Камчыбек Жолдошбаев журналисттердин коомдук транспортко түшүү сунушуна түшүнүксүз жооп берди.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчылары Жолдошбаевге эл кызматындагы адамдын маршрутка менен жүрүүсү кадимки көрүнүш экенин көрсөтүүнү сунушташкан.

"Сага маршрутка менен жүргөндү үйрөтөм, өзүм да түшөм. Күтүп тур, макулбу", — деген депутат журналистке.

"Балп" этип элден "таяк жеген" депутаттар. Парламентте кара пиардын атаманы ким?
Sputnik Кыргызстан агенттигинин журналисттери Жогорку Кеңештин имаратына барганда аны видеого тартууга каршы болгон.

Берген убадасы боюнча коомдук транспортко түшкөнүн тарталы деген максатта депутатка бүгүн телефон чалып, байланыша алган жокпуз.

ЖКнын 1-февралдагы жыйынында депутат Камчыбек Жолдошбаев эл өкүлдөрүнүн жардамчылары жана кызматтык унаа боюнча маселени журналисттерди катыштырбай талкуулоо боюнча сунуш киргизген.