Шаршембиге карата аба ырайы

Тоолуу райондордо жолдор тоңуп, тайгак болот
Sputnik

БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Шаршемби күнү Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Дагы кар жаайбы? Бир жумага карата аба ырайы
Тоолуу райондордо жолдор тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Чүй менен Таласта 3…8 градус жылуу болсо, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында күндүн табы 8…13 градуска дейре жетет. Ысык-Көлдө 6…11, Нарында 2…7 градус нөлдөн жогору болот.

Бишкек шаары менен Ош калаасында жамгыр жаап, 8…10 градус жылуу болушу күтүлөт.