Бишкектеги ММА турниринин башкы беттештери. Видео

Бишкекте бүгүн, 6-мартта, аралаш мушташ боюнча WEF Global 11 турнири өтүп жатат. Пландалган 18 беттештин үчөөндө мушкерлер чемпиондук титул үчүн күч сынашат.
Sputnik

Бишкекте аралаш мушташ боюнча WEF Global 11 турнири өттү. Тексттик трансляция
Негизги таймашта Мырзамидин Пазылов менен Ариет Бекишов, Эрлан Нурбек уулу менен Акбар Гаджиэкперов беттешмекчи. Аталгандардын үчөө кыргызстандык болсо, төртүнчүсү россиялык мушкер.

Ал эми турнирдин башкы окуясы болуп оор салмактагы мушкерлер — кыргызстандык Тилек Жээнбеков менен украиналык Юрий Проценконун беттеши болот.