Бишкекте Ысык-Көлдүн тарыхы жана инсандары боюнча конференция болот

Sputnik

БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканада "Ысык-Көл өрөөнүнүн тарыхы, учуру жана келечеги" деп аталган илимий-тажрыйбалык конференция өтөт. Бул туурасында аталган китепканадан билдиришти.

Конференцияда Кыргыз ССРинин эл артисти, залкар комузчу Ыбырай Туманов 130 жашка толгондугуна байланыштуу эскерилип, кийинки иш-чаралар талкууланат.

"Андан сырткары, Ысык-Көл жергесинен чыккан тарыхый инсан Арык Мырзанын Кыргызстандын тарыхындагы ролу жана мааниси жөнүндө белгилүү тарыхчы илимпоздор илимий маалыматтарды берип, доклад жасашат", — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстанда буга чейин чет элдик жана жергиликтүү окумуштуулардын катышуусунда казак жазуучусу, окумуштуу Мухтар Ауэзовдун 120 жылдыгына арналган илимий конференция болгон. Анда Ауэзовдун "Манас" эпосту сактоого, бурмаланбоосу үчүн жасаган аракеттери дагы бир ирет баса белгиленген.