АКШда курал аткезчилигине шектелип кармалган Теңгиз Сыдыков бошотулду

Соттук угуу АКШ убактысы боюнча 1-мартта болду.
Sputnik

БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. АКШда курал-жарак аткезчилигине шектелип колго түшүрүлгөн Теңгиз Сыдыков бошотулганын апасы Замира Сыдыкова Sputnik Кыргызстан агенттигине тастыктады.

ЖМК: Чеченстанга курал жөнөтүү боюнча иште Сыдыковдун агасынын аты да аталууда
Белгилей кетсек, Американын ЖМКлары Чеченстанга 100дөн ашык курал-жаракты ашкана буюмдары деп салган Теңгиз Сыдыков менен Элдар Резванов аттуу жарандар Вирджиния штатында кармалганын маалымдаган. Теңгиз Сыдыков Кыргызстандын АКШдагы мурдагы элчиси Замира Сыдыкованын баласы экени аныкталган.

Сыдыкова баласын далил табылбагандыктан бошотулганын маалымдашканын айтты.

"Уулумду бошотушканын айтышты. Сот кандай чечим чыгарганын так билбейм. Бирок далил табылбагандыктан бошотулганы белгилүү болду", — деди ал.

Эске салсак, 28 жаштагы Теңгиз Сыдыков менен 27 жаштагы Элдар Резванов 27-февралда колго түшкөн. Соттук угуу ошол эле күнү болмок, бирок аймактык соттун чечими менен 1-мартка жылдырылган.

Шектүүлөрдүн курал-жарак аткезчилигине тиешеси бар экени аныкталса АКШ мыйзамдарына ылайык 20 жылга чейин эркинен ажырашы мүмкүн.