Дагы бир коло! Балбан Мээрим Жуманазарова индиялык каршылашын жеңип алды

Жуманазарова жарым финалда монголиялык кыз менен кармашып беттештин бүтөрүнө 30 секунд калганда утулуп калган болчу
Sputnik

БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында кыргызстандык Мээрим Жуманазарова коло медалдын ээси болду.

Ал жарым финалда монголиялык кыз менен кармашып 2:0 эсебинде алдыда келе жаткан болчу. Бирок беттештин бүтөрүнө 30 секунд калганда утулуп калган.

Ал эми коло медаль үчүн кармашта индиялык Дивя Какран менен жүздөшүп 12:6 эсебинде жеңип алды.

Беттештин жүрүшү менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин тексттик трансляциясынан таанышыңыздар.